33 жылдан бери айылдагы ФАП биринчи жолу оңдоп- түзөөдөн өттү

111

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айыл өкмөтүндө 33 жылдан бери биринчи жолу элге кызматын өтөп келе жаткан ФАПка оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. 

ФАПты оңдоп-түзөө иштеринин идеясы айыл өкмөтүнө таандык экенин айтып Төрт-Күл айылынын айыл өкмөтү Байсеркеев Урмат төмөнкүлөргө токтолду: «ФАПты оңдоп-түзөө иштеринин идеясы айыл-өкмөт тарабынан. Биринчи айыл өкмөт болуп келгенде ар бир соц.обьектини кыдырганда эң биринчи көйгөйүн эске алып, кийин ал көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылабыз жана ошондой эле ал көйгөйлөр боюнча демилге  көтөрүлөт. ФАПтын жетекчиси да ФАПтын көйгөйлөрү боюнча бизге кайрылды. Ошондон кийин бул ФАПты капиталдык ремонтко өткөрүү керек экен деп чечим кабыл алдык. Тез жардам кызматын уюштуруу үчүн ага кошумча штат ачуу керек жана ошондой эле кошумча техника алышыбыз керек. Бул кошумча каражатты талап кылат. Биз бул боюнча кайрылганбыз. Ушул замандын талабына ыңгайлаштырып баардыгын эле жасап келе жатабыз. Буюрса тез жардам кызматы да кирет деген ойдобуз».

Төрт-Күл үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери Роза Ибраева өз кубанычы менен бөлүшүүсүн суранып сөзгө тарттык: «Бул ФАП 1986-жылдын июнь айынан бери иштеп келебиз. 33 жылдан бери бул ФАПка бир да жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Быйыл синдрант менен айыл өкмөтүбүз Урмат Жакшылыкович Байсеркеев жакшы демилге көтөрүп 3.5 айдан бери жакшынакай оңдоо-түзөө иштери болуп бүттү. Биз тейлеген участкада 6000 киши бар. Алардын ичинен жаш балдарыбыздын саны 2600. Алар менен бирге индвалид балдарыбыздын саны 82. Бул балдарга да жакшы жардам берип келебиз. Былтыркы жылдан бери Шоола-Көлдөн да жакшы жардамдар болуп, былтыр 25тей баланы бекер карап, дарылануусуна да жардам көрсөтүшкөн. Азыркы жылдарда семинарлаштыруу жылы болуп жатат. Бүт баары компьютерлештирилип заманбап тейлөө жүргүзүп жатабыз. Балдардын баары убагында учётко алынып жатат. Убак-убагы менен үйлөрүн кыдырып турабыз. Бизде массаж жасачу бөлмөбүз бар ошол жерден балдарга массаж жасалат. Ар бир оорулунун оорусуна жараша биз ар кандай кеңештерибизди аны менен бирге дары-дармектерибизди берип турабыз. Азыркы учурда индвалиддерге көп жардам көрсөтүлүп жатат. Мисалы анализи бекер, дарылоо жана дары-дармектери бекер. Мунун баары айыл өкмөтү тарабынан каралып жатат» -деген оюн билдирди.

Төрт-күл айылынын тургуну Орозалиева Самара ФАПтын ачылышы боюнча өз оюн билдирди: «Бул ФАП Советтер Союзунда ишке берилген боюнча эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү салтанаттын ачылышына себепкер айылдык депутаттар, Төрт-Күл айыл өкмөтү Урмат Байсеркеев жана ошондой эле өзубүздүн жергиликтүү депутаттарыбыз, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун аркасы менен мына ушундай жаркыраган, заманбап ФАПка ээ болуп олтурабыз. Азыркы заманга ылайык баары жакшы жүргүзүлүүдө мисалы: регистрациясы, анализдери. Азыркы учурда ФАПка жаңы техникалар да келген. Тейлөө кызматы абдан жакшы», -дейт айыл тургуну.

Даярдаган: Сабырова Жасмина, Эрмек кызы Бегайым, Эсентуров Уланбек