Тасманын футболчулары райондук футболдо 2-орунду ээлешти

Тасма айылынын жаш футболчулар тобу райондук футбол оюнунда 2-орунду ээлеп, грамота 6 000 сом утуп алышты. Аталган оюн Арал айылынын тургуну Болот Ракымов өткөзүп, баш байгеге акчалай сыйлыктар коюлган. Өткөзүлгөн оюндун максаты: айыл жаштарынын ынтымагын чыңдоо.

Аталган футболчулар тобунун жетекчиси Нурбек Кубандыковдун айтымында:
«Арал айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын тургуну Ракымов Болот жаштарды ынтымакка чакырып, спорт оюндарын өткөрдү. Түп району боюнча бардыгы 14 команда катышты. Тасма айылынын жаштарынан 11 футболчу катышып, район боюнча 2-орунду алып 6000 сом жана грамоталарды алышты. Арал оюнчулары 1-орунга ээ болушту»,- деп билдирет.

Тасма айылынын футболчулар тобунун оюнчусу Элтуран Акеновдун айтымында:
«Женишке Аралдыктар 1-орунду, Тасмалыктар 2-орунду, Түп командасы 3-орунду, Аралдын экинчи командасы 4-орунду алышты. Тасма айылынын жаштарынан 11 футболчу катышты. Жакшы оюн көрсөтө алдык деп ойлойм. Буюрса кийинки оюндарда 1-орундарга жетебиз»,- дейт Элтуран Акенов.

Даярдаган: КыялТоконаева, Касиет Керезбаева