Эркектер ден-соолуктарына маани бербейт

140

Азыркы учурда эркектер, ар түрдүү тиричилик көйгөйлөрүнөн, көр тиричилик менен убара болуп, эптеп-септеп акча таап, бала-чакасын багуунун аракетинде жүрүп, ден-соолугун кароого, аны чындоого, оорунун алдын алуу үчүн убагында дасыккан дарыгер адистерге көрүүнү жөнүндө ойлоп да койбогон жарандарыбыз бар.

Ал эми  Сары-Булуң  айылмагынын айрым тургундарынан “Эркектер, дарыгерге кайрылышабы?»- деген суроо менен сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, төмөндөгүдөй  ойлорун билдиришти.

«Бүгүнкү күндө эркектер дарыгерге өздөрү кайрылышпайт. Биз кубалап артынан аялдар дарыгерге барбайт. Качан гана кыйналып, ден-соолугу оорлогондо араң гана барышат. Негизи, айрым эркектер бар учеттогулар кайрылып турушат. Жолдошум учетто, 6 айда бир баруу керек. Бирок 6 ай эмес, 1 жылда да барбайт. Ден-соолугум жакшы эле турат деп коет».

Бүгүнкү күндө оор жумуш болсо дагы иштеп, каниет кылып, тапкан эмгеги менен үй-бүлөсүн багып келет. ”Врачтарга да барганга убактым жок”- дейт айыл тургуну Болот Отунчиев:

«Мен, эми көп жылдан бери стройкада иштеп келем. Колдо диплом болбогондон кийин айла жок жумуш оор, жумуш оордугуна карабай тапкан эмгегим менен багып келем. Ден-соолугум кудайга шүгүр. Врачка барганга деле убактым жок.»

Эркек адамдардын медициналык мекемелерге кеч кайрылуусу, Эркектердин ден-соолугуна аябай кам көрүш керек. Анткени, өздөрүнүн ден-соолугуна көңүл бурушпайт. Учурунда келишпейт. Эгер ден-соолуктарын ойлобосо ким ойлойт деп кабатыр айылдын мед айымы Бектур кызы Гулбара:

«Негизинен, эркек адамдардан көп нерселер көз каранды. Айылдарда көбүнчө ооруканага көрүнүү деген жок. Башына оору түшкөндө гана кайрылышат. Ошондуктан мырзаларга маал маалы менен даарыгерге кайрылуусун сунуштайт элем.»

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден-соолугу начар.

Мамлекеттик медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондусунун врач эксперти Лилия Сариева:

«Эң биринчиден  мырзалар, туура тамактануу, көп кыймыл аракет кылуу, тамактанууда натуралдык азык-түлүктү колдонуу, жер жемишти көп колдонуу, толуп семирип кетүүдөн сактануу, майлуу оокаттардан алыстоо, активдүү дем алуу, эң негизгиси жаман адаттан сырткары болуу,тамеки тартуудан алыс болуу зарыл»- деп кабатыр.

Эркектерибиз бизде жакшы жашады дегенде 70 жаш, болбосо 60 эле, элүүдөн ашканда эле. Опасный возраст болуп калат. Учурда келишпейт. Өздөрүн карашпайт. Бизде эмне атам да ушундай жашаган, чоң атам да ушунча жашаган деп коет. Ден-соолугубузду чыңдап, анан көп жашасак болот. Кыргызстанда, чынын айтканда ден-соолук жагынан начар. Эгерде эркектер ийгиликтүү болом десе, сөзсүз түрдө өз ден-соолугуна кам көрүп, сергек жашоого умтулушу керек. Чет жактан келген тамак-аштарды сатып алууда кылдат болуу керектигин кошумчалай кетсек.

“Ден-соолукту кароо- ар бир жарандын милдети”.

Даярдаган: Анара Мааметова