«Карысы бардын ырысы бар» концерттик кечеси өттү

373

Райымбекова Канымкүль 29.09.2019 жылы өз айылында карылар күнүнө карата чыгармачылык кечесин өткөрдү.

Солтонбекова Ализа — эмгек жана социалдык өнүгүү министрдин орун басары

«Бүгүн биз Республикалык «Карылар күнү» деген майрамдын астында, Жал айылында «Карысы бардын —  ырысы бар» аттуу иш чарасынын өтүшүнө катыштык. Ата, апаларыбызга каалоо- тилектерибизди айттык. Бул майрамдын мааниси аябай чоң. Көбүнчө мындай майрамга жаш жеткинчектер, жаштарыбыз көп катышышы керек. Себеби алар дагы карылардын жакшы кебин угуп, алардын тарбиясын алып, эстеринде калат. Ата, апаларыбыз неберелерин ээрчитип келишиптир. Кийин муундан- муунга үй- бүлөлүк баалуулуктар уланып берилет. Бүгүнкү концертте тарбиялык иш- чара да болду. Дагы бир жолу Жал айылынын карыларын келе жаткан майрамы менен куттуктайм»,- деди ал.

Амантай Кутманалиев- төкмө акын:

«Бүгүн биз Жал айылына, карылар күнүнө келип, карыларга арнап концерт берип жатабыз. Концерт мектепте өтүүдө. Кыргыз эл артисти, атактуу куудул Келдибек Ниязов баш болуп, мен КР эмгек сиңирген артисти, улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын төкмө акыны, КР эмгек сиңирген артисти Анапия Райымбекова биздин оркестерде иштеген комузчу, ооз комузчу өзүнөрдүн кызыңар Канымкүль эже болуп майрамдык маанай тартуулап жатабыз. Элиңиздерде маданий тейлөө жакшы болсун. Белгилүү маарекелерди уюштура бериңиздер. Канымкүль эже мектебиңерде балдардын талантын, шыгын өркүндөтсүн. Маданият жагын колго алган — бул жакшы көрүнүш. Айылыңыздарда дайыма жакшылык болсун. Биз сиздердин жакшылыктарыңарга ортоктош болуп турабыз»,- деди.

Мурадилов Кубанычбек- Кемин райондук балдар музыкалык мектебиинин директору

«Кыргыз элибиздин, кыргыз жерибиздин ар бир аймагы таланттардын мекени, таланттарга бай десек жаңылышпайбыз. Сокулуктун Жал аймагынан чыккан таланттууларды айта кетсек, Асанкул Шаршенов. Ал киши жөнүндө бүгүнкү кечте көп айтылды. Атактуу, СССРдин эл артисти, залкар ырчы Артык Мырзабаев , КР артисти, драмалык артист Мамбет Асанбаев- ушул элдин кулуну. Кошуна айыл Баш- Кара- Суудан чыккан Карагул Үкүбаев деген чоң залкар комузчу, музыкант болгон. Мына ушундай чоң таланттардын мекени болгон Жал айылынан дагы Райымбекова Канымкүль чыккан. Маданияттын мыкты кызматкери, Чүй областынын эң жогорку сыймыгы болгон «Кеменгер» сыйлыгынын ээси, музыкант, Кыргыз филармониясында жарым кылымга жакын эмгек кылган Райымбекова Канымкүлдүн чыгармачылык кечесине келгенбиз. Кечени Келдибек Ниязов алып барды. Амантай Кутманалиев комузда кол ойнотуп ачып, саламдашып куттуктады. Үч теректин үч кызынын улуусу Анапия Райымбекова жакшы ырларын тартуулады. Биз Канымкүлдүн өмүрдүк жубайы Медеттин классташтары гимназия мектепке илгери келгенбиз. Рүстөмбек агай, Каныш эже иштеп турган мезгилде. Гимназия мектебиңерде өзгөрүүлөр көп экен. Эл ичинде тынчылык болсун. Ынтымак, биримдик » Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган» кыргыз эли бололу. Кыргыз элибиздин жаштарынын келечеги кең болсун. Чыгармачылык адамдарга ийгилик каалайбыз»,- деп өз оюн билдирди.

Куттубаева Гүлира- Жал айылынын тургуну:

«Карылар күнүнө карата, карыларды сыйлап ушул майрамды уюштургандарга ырахмат. Бүгүнкү концерт жакшы болду. Майрам мектепте өткөндүктөн, мугалимдерге, мектептин жетекчисине ден- соолук, окуткан балдары ыймандуу болсун демекчимин. Улууларды урматтап майрамга чыкырганыңарга ыраазымын жана ыраазычылык билдирем»,- деп айтты.

Момункулов Жапар- Жал айылынын тургуну

«Канымкүль Райымбекованын бүгүнкү чыгармачылык кечесинде маданият тармагында 49 жыл талбай иштеп келатканын билдик. Балдарды ооз комузга, комузга үйрөтүп жаткан экен. Бул өз кесибин сүйгөндүктүн белгиси. Айылыбызда таланттар көп чыкса деп ойлойм. Өзгөчө жаштардан мыкты адамдар чыкса, биз кубанып турабыз. Канымкүль өзүнүн айылына келип майрам тартуулаганына, коштоп келегендерге чоң ырахмат. Кече таасирлентти ошондой эле таасирлендик»,- деп айтып кетти.

Бейшенов Токтобек Жал айылынын тургуну-

“Бүгүн, классташым Райымбекова Канымкүлдүн карыларга арнаган концертин көрдүм. Мектепти бүткөнүбүзгө 50 жыл болду. Канымкүль Жал орто мектебин бүткөндөн кийин Куренкеев атындагы музыкалык мектепте билим алды. Ооз комуз, комузда филармонияда кесибин аркалоодо. Мен кесибим боюнча ТУ- 154 самолёт менен жер кыдырып, ардактуу эс алууга чыктым. Кесибимди кийинки муунга бере албангандыгыма ичим ачышат. Мени менен кошо кеткенине күйөм. Ал эми Канымкүл кудай берген талантын урпактарга берсем деген ою бар. Жал айылында таланттар көп. Асанкул Шаршенов. Мамбет Асанбаев, Артык Мырзабаев, Бектен Абдылдаев. Жал айылында тынчтык болсун Канымкүлгө ырахмат. Ден соолук, ийгилик каалайм”,- деп айтты.

Даярдаган: Таттыгүл Тажаматова, Апакай Жалалбекова