Ак-Талаада алдыңкы агартуучулар сыйланды

Ак-Талаа районунда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Ага райондун аймагындагы мектептерде эмгектенген алдыңкы мугалимдер, коомчулуктун өкүлдөрү жана мекеме жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Салтанаттын алгачкы бөлүгүндө балдардын билим берүү борборунун мугалимдери райондун аймагынан чыккан агартуучулар Кыргыз Республикасынын Эл мугалими М.Базаркулов, Эмгек сиңирген мугалимдер Н.Жыргалбекова, М.Жамангулов, Ж.Жусупбаева, С.Нурдинов тууралуу маалымат беришип, концерттик номерлер менен коштоду.

Салтанаттын расмий бөлүгүндө Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев куттуктоо сөз сүйлөдү:

“Мугалимдер бир гана майрам күнү эмес, ар дайым сый жана урматка татыктуу.Сиздер билим берген окуучулар Кыргызстандын ар тарабында өлкөбүздүн өнүгүшүнө салып кошуп, атуулдук милдетин аткарып келатышат. Сиздердин эмгек баа жеткис.”

Ал эми Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин убактылуу милдетин аткаруучу А.Сулайманов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Андан соң билим берүү тармагындагы  эмгектери үчүн райондун алдыңкы  ардагер мугалими  Осмонова Айна Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген мугалими наамы тапшырылды.

 

 

Ошондой эле  жети мугалимге  “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси тагылса, он эки мугалим КРнын билим берүү министрлигинин Ардак Грамоталарына татыктуу болду. Мындан сырткары, агартуудагы бир канча алдыңкы мугалимдерге Нарын облустук билим берүү округунун, райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Даярдаган:  Алтынай Байтерекова