Анарбек Шукиев: Аймакты шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү көбүнчө ыктыярчылар

164

«Демократия сааты» программасынын алкагында, кезектеги эфир 23- сентябрь күнү болуп өттү. Долбоор Фридрих Эберт Фонду тарабынан каржыланып жатат.

Программанын коногу, коомдук көз карандысыз эксперт Анарбек Шукиев болду. Эфирдин жүрүшү социалдык тармактарда түз эфирге чыкты. Темага ылайык, маанилүү суроолорго угармандар жооп ала алышты. Шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү, шайлоо комиссиясы канча түрлөргө бөлүнөт, ким комиссияга мүчө боло алат, канча шайлоо участкалары бир айылда иштеши керек сыяктуу суроолор болду. Ошондой эле мыйзамдар тууралуу дагы маалымат айтылды.

Эскерте кетсек, шайлоого тийиштүү маалымат алууга, атайын Өкмөттүк сайт иштейт, ал жакта бардык маалымат кененирээк берилген.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова