Жапар Нышанов орто мектебинин окуучулары укуктары боюнча маалымат алышты

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебине «Эл аралык коргоосуна көмөктөшү» фонду сабак өттү.

Бул фонд  ички жана тышкы мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо, жакшыртуу жана жашы жете элек аярлуу балдардын укуктарын коргоо долбоорунун негизинде сабак өтүштү. Сабак кызыктуу өттү. Мындай иш чараларды көп жерде өткөрүп келе жатышат. Ош облусунун Кара-Суу Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак райондорунда өткөрүшүп келе жатышат.

Ушул фонддун адиси Балтабаева Шайыргулдүн айтымында:

«Биз ушул долбоордун негизинде мындай иш чараларды дагы башка райондорго барып  айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана мектеп окуучуларына ушундай сабактарды өткөрмөкчүбүз»,- деп билдирди.

 

Мектеп окуучусу Курсантбек уулу Азиреттин айтымында:

«Мен бул сабактан көптөгөн маалыматтарды ала алдым. Эгерде мен чет өлкөгө барып иштеп калсам, документтерди даярдоо боюнча кыйынчылыктарга учурабайм деп ойлойм», -деп билдирди.

 

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева, Элнура Кеңешбек кызы