«Билим алып ыйык колунан, даанышман да мугалимден окуган»

378

Сокулук райондук маданият үйүндө Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чара. Салтанатту иш-чарага КР Билим берүү министирлигинен, Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын өкүлү , областтык усулкана адиси чакырылган.

Молдалиева Максат Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу-

«Улуттук өзгөчөлүктөр- маданий мурас дегендей» бүгүнкү өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамын ишке ашырууда, окутууда, өнүктүрүүдө районубуздун кыргыз тилчи мугалимдеринин эне тилин билүүгө түрткү берген көрсөткүчтөрүнүн бири. «Улут болсом, тилим менен улутмун» деп айтылуу акын Э.Ибраев ырында жазган. Тил аркылуу дүйнө таанууга, башка улуттардын тилин, маданияттын, салт- санаасын билүүгө болот. Сиздерди дагы бир жолу Мамлекеттик тил мыйзамынын 30жылдык майрамы менен куттуктайм»- деди өзүнүн сөзүндө

Алмаз Сүйүндүков Чүй облустук усулдук билим берүү  бөлүмүнүн адиси-

Бүгункү күнү Сокулук районунун маданият үйүндө Кыргыз мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына арналган жакшы маареке болуп өттү. Бул күндө баардык Кыргызстандын эли, ушул кыргыз тилин өнүктүрүүдө өзгөчө мугалимдер жана райондун билим берүү бөлүмү да чон салымын кошууда. Сокулук районунун мугалимдерине тилди өнүктурүдө кошкон салымдары үчүн жетекчиликтин атынан ардак грамоталарды тапшырдык. Бардыгыңыздарды майрам менен куттуктап, төмөнкү ыр саптарды арнап кетейин:

Кырыгыз эли эне сүтүн актайлы,

Колдон келсе, болушунча барктайлы.

Бөтөнчөлөп көп улуттун тилинен,

Бүт дүйнөгө кыргыз тилин даңкталы.” – деп айтты

 

Сезим Каныбековна КРнын президентине караштуу Мамлекттик улуттук тил комисиясынын жетектөөчү адиси-

Мен, бүгүн Сокулук районунда “Мамлекеттик тил” макамын алган улуу күнүнө карата өткөрүлгөн иш- чрага Мамлекттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеевдин атынан куттуктап келдим . Куттуктоодо Кыргызстандын көз карандысыздыгына карай жолубуз- эне тилибиздин сактап калуу кыймылы менен башталгандыгын, 30жыл мурда бул кыймыл зор коомдук күчкө жетип, кыргыз тилинин Мамлекеттик даражасын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкендигибиз. Ар бир эл, улут үчүн өз эне тили ыйык жана касиеттүү. Анткени ал эненин сүтү менен келет. Ата- бабалардан, урпактардан кабыл алынган баа жеткис мурас. Азыркы тил кор болууга эмес, колдонууга муктаж. Биз бул тилекке сөзсүз жетебиз. Акыйкатта, Мамлекеттик тил боюнча саясаттын жүгөн- ноктоосу элдин колунда, ошондуктан ата-бабалардын кенч мурасын кийинки муундарга түгөнбөс жана бүтпөс мекенчиликтин башат булагынын көзу соолубасын.Өлкөбүзгө бакубатчылыкты, жергебизге ырыскылуу ынтымакты кааламакчымын деген каалоосун жолдодум»- деп айтып кетти.

Качкынбаева Алина Сокулук районунун билим жана илим профсоюзунун жетекчиси-

Сокулук районунда чоң майрамдык иш- чара өтүп жатат. Бул майрам кыргыз тилин мамлекеттик тил катары алынганын майрамдап отурабыз. Майрамга билим берүү мекемелериннин жетекчилери , кыргыз тилинин мугалимдери катышышты. Мугалим, мектеп жетекчилеринен тышкары дагы ардагер мугалимдер катышып отурашат. Мен бардыгыңыздарды тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына 30- жыл толгон майрамы менен куттуктайм. Биз өстүрүп келеткан жаш муунадар кыргыз тилинде сүйлөөнү модага айландырып алышса деген тилектемин. Бул майрам жакшы деңгээлде өттү” деп өз оюн билдирди.

Керез Уметалиева  —

«Биздин бала-бакчада 6- топ бар, 3 топ кыргыз тилинде окуп үйрөтүлөт калган 3 топ орус тилинде окушат. Кыргыз топтордо көбүнчө орус, дунган улутунун балдары окуйт . Биздин балдар өзүбүздүн тилибизди сактап урматташын биз бакчадан баштап үйрөтүшүбүз керек. Кыргыз тилинин майрамы райондук деңгээлде өттү. Бул майрамда биздин бала- бакчанын балдары кыргыздын улуттук бийлерин билешти, ырларын ырдашты.»- деп оюн билдирди

 

Кенжебаева Таалайгул Жаңы- жер орто мектеп комплексинин кыргыз тили жана адабият мугалими-

Болуп өткөн иш- чарага районубуз чоң эмгек жумшап жатат десем жаңылышпайм, себеп кыргыз тилинин майрамынын 30- жылдыгына карата кесиптеш 35-45 жыл эмгек стажы бар ардагер мугалимдерибиз чакырылып алардын каалоо- тилектерин уктук. “Тил болбосо, улут болбойт эмеспи” андыктан мугалимдерге кааларым окуткан окуучулары Кыргыз мамлектине кызмат кылган. Кыргыз эли үчүн жанын аябаган, өзгөчө кыргыз тил жаатында зор салым кошкон инсандардан болушун. Мамлекттик тил күнүнүн 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш- чарада райондун билим берүү бөлүмүндө иштеген адистерге ыраазычылык. Сейнебүбү Турдумамбетовнанын баштоосу менен астынкы кыргыз тилчи мугалимдер ушул иш- чараны жогорку денгээлде уюштуруп өткөрүштү”- деди ал.

Даярдаган: Динара Жолдошбековна