Барскоон: Энелер ден-соолугуна кам көрүүсү зарыл

Кыргызда энелер жашоосунда ар дайым түйшүк тартып келишет. Үй тиричилиги, бала багуу, талаачылык иштерин биринчи орунга коюп ѳздѳрүнүн ден- соолуктарын экинчи орунга жылдырып коюшат. Бир жерлери ооруп калса, үйдѳн эле ѳздѳрү дарыланып алышат.Мындан тышкары, айыл жериндеги аял затына ден- соолугун кароо үчүн негиз маселе бул акча каражаты жана убактысынын тардыгы болуп саналат. Ар бир адамга ден-соолук абдан маанилүү, бирок үй шартына жана акча каражаты жоктугуна  байланыштуу ооруканага барып дарылана албай жүргѳн айыл тургуну Жумакан Сүйүнбаева буларга токтоло кетти.

«Жашоо турмуштун айынан доктурга барып кѳрүнѳ албайм, жумуштан бошобойм. Акча каражаттын жетишсиздигинен барып кѳрүнѳ албайм. Кеч болсо деле дарылангым келет, бирок доктурга барганда аякта деле акчасы барларды кѳрѳт. Кѳз, кан басым, ѳтүмдү алдыргам, боорум, бѳйрѳгүм ооруйт, хронический циститим бар».

Энелер биринчиден ѳздѳрүнүн ден-соолуктарына ѳздѳрү кам кѳрүүсү зарыл. Алгач эле туура тамактануу андан соң бардык түрдѳгү физикалык активдүү кыймылдоосу зарыл. Айылдык ден-соолук комитетинин тѳрайымы Созул Айбашованын айтымында советтер союузунун убагындагыдай медициналык кароодон ѳтүп туруу зарылчылыгы бар. Илгери энелер печкага нан жаап, колго кир жууп, талаачылык жумуштарды кѳп жасашчы. Ал убакта экологиялык таза тамактар менен тамактанышчы. Азыр алардын бири да жок, дүкѳндѳн даяр тамак ашты сатып келип жешүүдѳ деген оюу менен бѳлүшүп ѳттү.

«Советтер союундакыдай медицинадан ѳтүп туруу керек. Медкароодон ѳтѳ калалы десе очередь толтура, лабораторияга анализ тапшыра калалы десе бизде лаборатория иштебейт. Энелер кѳп маалында кѳп нерсеге кайдыгер карайбыз. Такай эле бир нерсени эртеңкиге калтырабыз».

Дарыгерлердин айтымында, аялдар арасында аз кандуулук, кан басымынын жогорулашы,кант диабети жана жыныстык оорулар басымдуу кылат. Буга жашоо-шарттын начардыгы, витаминдүү тамак-ашты аз жегендик, өз ден соолугуна кам көрбөй, дарыгерлерге кайрылып дартты алдын албоо себеп болууда. Ушул себептерден улам эмчек рагына да көбүрөөк аялдар туш болот. Мындан тышкары, айымдарга оорунун алдын- алуу жѳнүндѳгү окуулардын жоктугу да себеп болууда. Мурдагыдай ай сайын медициналык кароодон ѳткѳрүп турушу керек, тилекке каршы энелер кароодон ѳтүшпѳйт деген оюн «Үй-бүлѳнү пландоо боюнча Кыргызстан Альянсынын» башчысы Бактыгүл Бозгѳрпѳева айта кетти.

«Бизге азыр экология да таасирин берип жатат. Ошондой эле «Жашоонун сергек мүнѳзү» деген багытта эч кандай иштер жүрбѳй жатат. Ошондуктан энелердин ден-соолуктары начар болууда. Айыл жеринде орточо эсеп менен 60 пайызы биздин айымдар аз кандуулук менен жабыркайт. Анын эң негизги себептери ошол тамактануу маселеси».

Жакынкы эле учурда айылда көчмө бригада элеттик аялдар арасында бир катар ооруларды аныктап чыккан. Ичүүчү таза суунун жетишсиздигинен, талапка ылайык санитардык жана гигиеналык шарттардын жоктугунан улам, айылдык аялдардын ден-соолугу начарлайт. Ар бир аялзаты бардык күнѳѳнү жашоо шартка шылтай бербей ѳзүнүн ден-соолугу үчүн ѳздѳрү чуркашы керек. Убагында дарыгерлерге кайрылып, кеп-кеңештерин угуп турса, бул оорулар бир кыйла азаят эле. Айыл тургуну Бүбү Жумаева ар дайым дарыгерлердин кѳзѳмѳлүндѳ болуп, ѳзүнүн ден-соолугуна абдан кам кѳрүү менен жашай турганын мындайча билдире кетти:

«Аял кишиге ден-соолук биринчи ирээт керек. Мен биринчи жолу сокур ичеги болдум. Андан кийин ашказаныман полип алдырдым. Кѳп жылдан кийин ѳтүмдѳн таш алдырдым. Ушулардын баары таасир этет экен ден-соолукка. Бир айда эки жолу барып дарыгерлерге кѳрүнѳм. Белгилеген дарыларды кѳрсѳтсѳ аларды алып ичем».

Аялдар көп учурда өз алдынча дарыланып же бүбү-бакшыга барып, ооруну күчөтүп жиберген учурда гана дарыгерге кайрылат. Бул энелердин жашоосун бир канча жылга кыскартат. Андыктан энелер ѳзүбүздүн ден соолуктарыбызды биринчи орунга коюп ар дайым дарыгерлердин кѳзѳмѳлүндѳ болуу шарт.

Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева