Ишкер айым айылда ири супермаркет ачып, иштетип келет

Базар-Коргон районуна карашту Кеңеш айыл аймагынын мээнеткеч тургуну Мукарам Сатыбалдиева. Кандай жолду басып өттү? Мына ушул суроонун негизинде маек курдук.

 

Мукарам Сатыбалдиева азыркы учурда Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Советский жергесинде жайгашкан супермаркеттин жетекчиси болуп эмгектенип келет. Бул супермаркет 2018-жылы ачылган. Аталышы Юрта.

Мына ушул нерселердин баарына өз күчү менен жетишкен. Юрта супермаркетинин келип чыгыш тарыхын жетекчиси Сатыбалдиевадан уксак:

«Бул 《Юртанын》келип чыгышы менин идеям. Юрта деп мен ойлоп тапкам. Себеби, мен башында мындай чоң дүкөн эмес, бир чакан эле боз үйдөн баштагам. Бул юрта деген кыргызчада боз үй дегенди да анан мындай молодёжный болсун деп юрта деп койдум. Юрт деген түрк тилинен алганда журт дегенди билдирет да. Мына ошентип Юрта деп койдук аталышын. Мына ушундай супермаркетти иштетип жатам», -деди Сатыбалдиева.

Супермаркетте күн сайын акция жүргүзүлүп турат. 20-30% төмөндөтүүлөр болот.

Аялдын үй- бүлөлүк түйшүгүнө карабастан, мына ушундай супермаркетти иштетип жаткан Мукарам эженин колунда 20 жумушчу иштейт. Алардын айлык маянасы 8 миңден 12 миңге чейин.

Супер маркеттин жумушчусу Гүлниса Шархидинованын айтуусунда,

«Мен мына ушул супермаркеттин жумушчусу болом. Айлык маянам да жакшы. 6 күн иштеп 1 күн эс алабыз. Мен бул жумушка келгениме 5-6 ай болду. Мага жумушум абдан жагат», -деди Шахридинова.

Супер маркетти ачуу үчүн 26 000 000 акча каражаты сарпталды. Бул иштерди Бакай Банк каржылаган. Бул маркеттин көп эле бөлүгү аял кызматкерлер.

Супер маркеттке келтирилген товарлар Россиянын, АТА кондитердик фирмасынан ж.б.у.с фирмалардан келтирилет. Бардык товарларды жогорку сапатта алып келүүгө аракет жасайт.

Бул боюнча кардарлардын оюн уксак:

 

«Мен ушул Советский айылынын тургуну болом. Мен бул дүкөндөн дайыма эле соода кылам. Товарларынын сапаттары аябай эле жакшы, бүтүндөй товардын баары бар. Каалаган нерсени мына ушул жерден таба аласын. Мага бул дүкөндөн соода кылган жагат», -деди сатып алуучу.

Ошондой эле бул дүкөндүн бир четинде дарыканасы да жайгашкан.

Дүкөн 24 саат кызматта.

Даярдаган: Аймээрим Саитжанова

СЫНАК ҮЧҮН