Жал айылында жеке менчик бала бакча ачылды

369

Орок айыл өкмөтүнүн Жал айылында Молдошовдордун жеке ишкердигиндеги бала бакчасы тууралуу  ыктыярчы- кабарчылар жеринен барып маалыматты алып келишти.

Молдошова Майрамкүл тарбиячы-

“Саламаттыкты сактоо министирлигинин уруксаты боюнча бир балага 3,5 кв/м болуш керек. Биздин квадратура болжол менен 140 кв/м, ошондо бала бакчага 30 баланы кабыл алсак болот. Бала бакча ачалы деп жолдошум менен көп жылдан бери ойлоп келгенбиз, ойлогон максатыбыз ишке жетип, Жал айылында жеке бала бакчабыз  ачылышына даярдык көрүп  жатабыз. Биздин максатыбыз  кичинекей баладарга мээримибизди , сүйүүбүздү берип, көңүл буруп тарбиялаш. Мен өзүм кесибим боюнча филолог- педагогмун. Орус тил сабагынан мугалимин. 30 жыл эмгек стажымдын 15 жылы бала- бакчада эмгектендим. Бөбөктөрдү тарбиялоодо россиялык педагог Александр Зайцевдин жана Мария Монтессоринин ыкмаларын пайдаланып кыргыз тилинде » 1 үндү, 1 үнсүз тыбыштан» түзүлгөн ыкмага байланыштырып  иш алып баралы деген ойдомун”,-деп оюн билдирип кетти.

Каныбек Молдошов Жал айылынын тургуну  —

“Бала бакчаны ачууда үй- бүлөлүк ишибизди  ачканга жубайым Майрам экөөбүздүн көптөн бери алдыбызга максат койгон оюбуз эле. Үйүбүздү пландаштырып тургузууда  чоң көйгөй- бул  каражат маселеси болду. Себеби бала бакчага окшоштуруш үчүн атайын бөлмөлөрдү  жасалгалап даярдадым. Сиздер көрүп турган дубалдагы сүрөттөрдү  өз колум менен бөбөктөргө ылайыкташтырып тарттым. Бакчанын ачылганы айылдагы балалуу үй- бүлөлөргө жардам болот деп ойлойм, анткени бакчага балдарын берип өздөрү жумуш менен алектене алышат. Болжол менен бала бакчага ылайыташтырууда оңдоп  түзөө иштерине 100000 сомдон ашык каражат кетти”,- деди ал.

Назгүл Чертикеева ата- эне —

“Биздин Жал айылына көчүп келип Каныбек байке менен Майрам эжеге кошуна болуп жашаганыбызга беш жыл болду. Майрам эже биз көчүп келгенибизден бери эле бала бака ачсам деп айтып жүргөн. Эженин оюн угуп  аябай чоң жана керектүү иш баштап жатканын  түшүнүү менен колубуздан келген жардамыбызды бердик”, — деп өз оюн айтты.

Венера Капышевна жеке ишкер –

«Жеке бала бакчалардын айыл жергесинде ачылышы азыркы учурда өтө актуалдуу жана  пайдалуу, себеби өкмөттүн бала бакчалары айыл жергелирде көп эмес. Болсо да наристелердин бардыгын кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрү жок, анткени балдардын саны көп ошондуктан кээ бир учурда  жеке бала бакчалар айыл жергелеринде ачылышы ата- энелерге көп жактан жардамын берет. Жеке бакчаларга өз каалоолору менен балдарын тарбиялоого берген да ата- энелер бар”,- дей айтты.

 

Даярдаган: Акбермет Алымкулова, Адилина Жанболот кызы