Карыялар күнүнө карата жайылган дасторкон

Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылынын маданият үйүндө карыялар күнүнө карата чакан концерт болду. Бул концертке 7 айыл жергесинен келди.

Могол айыл аймагына караштуу айылдардан карыя аксакалдарды Ооган-Талаа маданият үйүнө конокко чакырып, даярдалган чакан концертин тартуулады. Ошондой эле концерт менен чектелбестен чай берди.

Болуп өткөн концертти №17 Далбаев мектебинин окуучулары тартуулады. Биз бул бүгүнкү болуп өткөн концерттик программа боюнча келген коноктор менен маек курдук.

Правда айылынын тургуну Карабай Ибраимовдун айтымында,

«Бүгүнкү күн абдан жакшы өтүп жатат. Ушул могол айыл аймагынын айыл өкмөтүнө чоң ыраазычылыгымды билдирем. Ушинтип бизди меймандап жатканына чоң рахмат! Иштерине ийгилик болсун. 17-мектептин балдары абдан таланттуу балдар экен. Көңүлүбүздү көтөрүп, жагымдуу маанай куруп берди. Чоң рахмат!»-деди Ибраимов.

Концертти баштоодон алдын Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов өз куттуктоосун айтты.

«Сиздерди өтүп кеткен майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бул майрамды убагында өткөшүбүз керек эле, тилекке каршы жетишпей калдык. Ошентсе да, кеч болсо да сиздерди бүгүнкү майрамыныздар менен куттуктайбыз! 17-мектептин окуучулары чакан концерт уюштуруп койгон экен көңүл бурсаңыздар.»

Бакир Тагайкулов Ортоңку айылдын тургуну майрам боюнча өз пикирин калтырды:

«Ушул могол айыл өкмөтүнө чоң рахмат! Айрыкча өкмөт башчы Турдукулов Эркинге. Мына ушинтип аксакалдардын башын бириктирип, дасторкон жайып, чай берип олтурат. Иштерине ийгилик, ден соолугубуз чың болсун, бардык аксакалдарыбыз тынч болсун»,- деген ой пкирлери менен Тагайкулов бөлүштү.

Могол айыл аймагындагы айылдар: Карой, Катыраңкы, Чкалов, Правда, Чарбак, Кызыл-Суу, Ооган-Талаа. Мына ушул 7 айылдын аксакалдары чакырылды.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукуловдун айтымында,

«Мына бүгүн 7 айылдан 700гө жакын 71 жаштан жогорку аксакалдарды чакырып, дасторкон жайып, чай берип жатабыз. Аксакалдардын башын бириктирип, мурда иштегендерин эсине түшүрүп, баарлашып отуруп, эс алып кетсин дедик»,-деди Турдукулов.

Бул иш чара Могол айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланды. 40 000сом акча каражаты сарпталды.

Токторали Жапаровтун айтымында: «Бүгүнкү майрам жакшы деңгээлде өтүп жатат. Баары жакшы, Эркинге рахмат! Концерти жакшы болду, балдары таланттуу экен», -деди Жапаров.

6-классынын окуучусу Тахмина Суёркулова «ата-энем» аттуу ыры менен.

Ошондой эле 8-классынын окуучусу Манас айтуу тартуулады.

Даярдаган: Адилет Канат уулу