Соттор аралык футболдук мелдеш болду

42

Тоту Мойдунов мектебинин кичи футбол аянтында Тогуз-Торо райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбеков тарабынан облустук деңгээлде уюштурулган футбол мелдеши болуп өттү.

Бул тууралуу райондук Жеңиш Туусу редакциясынын кабарчысы Жазгүл Машаева билдирди.

Оюнга Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сот кызматкерлери арасындагы ынтымакты бекемдөө, ден-соолукту чыңдоо максатында 6команда катышты.

Райондун акми Айбек Кожошов, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Калыбековдор оюндун ачылышын ачып, райондордун ортосундо спорт тармагын көтөрүү, жаштарды ынтымакка, биримдикке чакырып, оюнчуларга ийгилик каалашты.

Жыйынтыгында 1-орунга Сузак командасы медаль кубок, 1-даражадагы диплом 5 миң сом, 2-орунга Кара-Көл командасы 2-даражадагы диплом 3миң сом, 3-орунга Жалал-Абад командасы медаль 3-даражадагы диплом 2 миң сом жана Кара-Көл командасынан “Мыкты дарбазачы” Темирбек Иманбеков, Сузак командасынын “Мыкты чабуулчу” Кыял Нурбеков, Жалал-Абад командасынын “Мыкты коргоочусу” Абдыжалил уулу Медер Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Даярдаган: Жазгүл Машаева