1-сентябрь «Билим күнү»

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинде 1-сентябрь Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Жапар Нышанов орто мектебинде окуган бардык мугалимдер, окуучулар жана алар менен бирге эле ата-энелер да катышышты. Бардыгы ачык маанайда болуп, кече көңүлдүү өттү. Бул күнү салт болуп калгандай бүткүл Кыргызстандыктар майрамдашты.

1-сентябрь баары үчүн кубанычтуу күн, көбүнчө 1-класс жана 1-курстар үчүн анткени аларга жаңы жашоо башталат, жаңы кадамдар, жаңы максаттар коюлат.

Ж. Нышанов атындагы орто мектебинин директору Гулзат Сапарбек кызынын айтымында «Мен бүгүн абдан кубанычтамын, бактылуумун, анткени мектеп окуучулары ак кийимдерди кийип, кыздар бантиктерди тагып, салтанаттуу кечеде активдүү катышып беришкендиги үчүн мен абдан ыраазымын бардык окуучулардын жана мугалимдердин майрамы менен куттуктайм»,- деп билдирди Сапарбек кызы.

1-класстын окуучусу Саипжанов Элмирбектин айтымында: «Мага бүгүнкү күн аябай жакты, жакшы күндөрдөн болду себеби дегенде мен мектепке барганды кыялданчумун, мектеп мага абдан жакты»,- деп билдирди Саипжанов.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы