Тогуз-Торо районунун мектеп окуучулары лагерге барышты

146

Тогуз- Торо райондук профсоюз уюму тарабынан каржыланып, 30 окуучу Жалал- Абад облусундагы Арсланбобго барышты.

N11 Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинде англис тили предмети боюнча мугалим Айзада Нурбекова мектеп окуучуларын жетектеп барып, төмөнкүлөргө токтолду:

“10күндүк эс алуубуз аябай жакшы өттү. Балдарга да жакты деп ишеничтүү айта алам.  Күнүнө ар кандай конкурстар болуп жатты. Балдар активдүү мактоо баракчаларына ээ болуп келишти”,- деп билдирди.

Лагерге катышып келген Жаамин Иниятовго кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду: “Лагерь абдан жакты. Жакшы эс алдык. Көп эле жакшы күндөр өттү.  Биз ар кандай оюндарга активдүү катыштык. Мен дагы интермедияга катышып, кыздын ролун аткарып, окуучуларды аябай күлдүрдүм”,-деди Иниятов

Даярдаган: Албина Бейшеналиева