Кенчилердин кесиптик майрамы белгиленди

138

1935-жылы 30-августтан 31-августка караган түнү Россиянын шахталарынын биринде кенчи  Стаханов белгиленген чек 7 тонна болсо, 104 тонна көмүр казып алган. Ошол күндөн баштап мурдагы Советтер Союзу, азыркы КМШ мамлекеттеринин катарында Сүлүктүдө да кенчилердин кесиптик майрамы белгиленип келет. 2019-жылы да шаар боюнча белгиленип жатат.

И. Дж. Карабаев           

«Эгемендүүлүк колубузга тийгенден кийин көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, өз кенибизди өзүбүз өндүрүп келебиз. Бизде инвестор дагы, шахтер дагы жергиликтүү тургундардан болгондуктан жумуш берүүчү менен жумушчулардын мамилесинде эч кандай келишпестик жок. Кенчилерибизди өтө жакшы карайбыз»,- дейт Кызыл-Булак шахтасынын директору, коомдук ишмер Исманали Карабаев.

«Биздин шахта жетекчилерине ыракмат. Шахтаны өз каражаты менен ачканы менен бизге кадимкидей жакшы мамиле кылат. Жетекчибиз Өмүрбек Исмаилов жаш болгону менен мыкты уюштургуч, жөнөкөй. Кесиптик майрамга карата Шаардык Кеңештин Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен сыйландым. Өзүм иштеген Кара Алтын- Кен шахтасында майрамга карата баалуу белек жана акчалай сыйлык берди»,- дейт Асан Салиев.

Даярдаган: Мусуратилла Исканов