Акысыз көчмө мобилдик клиникасы Сары-Булуң айыл аймагында

142

Кара-Суу, Табылгыты айылынын тургундары мобилдүү клиникадан, акысыз медициналык кароодон өтүштү.

Бул тууралуу айылдын медайымы Жамал Мамытбекова билдирди: “Негизинен, кардиолог, гинеколог, терапевттер келип, анализ алышып, кеңештерин беришти. Алыскы айылдардагы жашаган калктын ден-соолугуна кам көрүү максатында акысыз кароо болду”,- деди Мамытбекова.

Жергиликтүү тургундары кезекке туруп, ден-соолуктарын текшертишти. Жалпы 120 адам медициналык кароодон өткөрүлдү.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева