Сүлүктүдө мугалимдердин секциялык иштери жыйынтыкталды

96

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган предметтер боюнча секциялык иштер болуп өттү. «Бардык предметтер боюнча мугалимдер толук катышып, жаңы программалар, календарлык пландар боюнча типтүү нускамалар кабыл алынды»,- дейт усулкаана башчысы Темиржан Каюмова.

«Быйыл Кыргыз Республикасынын билим берүү Академиясы тарабынан мыкты иштелмелер келиптир, ошонун негизинде иш алып баруудабыз»,- дейт Сүлүктү шаары боюнча башталгыч класстарга билим берүү боюнча секциянын жетекчиси, №9-гимназиянын мугалими Кымызай Акматова.

Даярдаган: Барчынай Алимова