Айылдык ден соолук комитетин эл канчалык деңгээлде баалайт?

Кызыл-Булак мультимедиа борборунда айылдык ден соолук комитетинин ишмердүүлүгү жөнүндө «Демократия сааты» уктуруусунда түз эфир болуп өттү. Конок катары Кулатов айыл өкмөтүнүн АДК жетекчилери катышышты. Өздөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип кетти.

Эфирге конок катары Кызыл-Булак айылдык АДК нын жетекчиси Абдыразакова Зуура, Арык-Тейит айылдык АДК нын Сыдыкова Анипа, Абшыр-Ата айылдык АДК нын жетекчиси Жороева Бегайым болушту. Эфирдин жүрүшүндө АДК жетекчилери Кулатов айыл өкмөтү боюнча 10 АДК жетекчиси жана ар бир жетекчинин 5 тен 6 дан мүчөсү бар экендигин белгилешти. АДК кызматкерлеринин негизги максаты калктын дени сак өсүүсүн алдын алуу. Негизги аткарган жумуштары оорулардын түрлөрү боюнча брошюраларды таркатуу жана жашоочулардын кан басымдарын өлчөө. Негизинен АДК мүчөлөрүнүн жетекчилеринин көпчүлүгүнүн медициналык билими жок. Оруканадагы мед кызматкерлери менен байланыштары бар. Маалымат таркатуучу кызмат аткарышат. Бир нече долбоорлор менен иштешет, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ЮСАИД долбоору тарабынан гуманитардык жардамдарды алып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эфирде калк арасынан алынган сурамжылоонун негизинде талкуу болду. АДК мүчөлөрүндө оорулуу адамдарды даарылоо же болбосо даары дармек берүүгө укугу жок. Жөн гана ден соолугунда көйгөйү бар адамдарды байкаса, оору канага барып кайрылуусу үчүн көргөзмо гана бере алышат же болбосо аймактык мед айымдарга кабар берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин баса белгиледи Кызыл-Булак АДК жетекчиси Абдыразакова Зуура.

Даярдаган: Жалалова Таңнуру, Уркунова Гүлзат