Ата-энесин баккан мигрант кыздар

78

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, болжол менен 750 миңге чукул кыргыз жараны чет жерде мигрант болуп иштеп жүрөт. Анын ичинен 640 миңи Россияда эмгектенсе, 35 миң жаран Казакстанда, 30 миңи Түркияда жана 15 миңден ашууну Түштүк Корея мамлекетинде иштейт.

Миграциялык процесстерди изилдеген уюмдар Кыргызстандан чыккан эмгек мигранттарынын арасында кыз-келиндер басымдуу болуп жатканын белгилешүүдө. Айрыкча мектепти бүтүп-бүтпөй эле кыздар сыртка кетип жаткан учурлар күч алууда. Кыз-келиндердин сыртка көп кетип жаткандыгы, социалдык-демографиялык кесепеттери, коомчулукту кабатыр кылууда.

Россиядагы миграциялык изилдөөлөр борборунун маалыматтарына караганда Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу миграциянын жашарып жаткан көрсөткүчтөрү боюнча жана кыз келиндердин басымдуу катышы боюнча дагы Кыргызстан алдыда. Ымыркай балдарын таштап кетип жаткан фактылар боюнча дагы алдыда болуп айырмаланып жаткан Кыргызстан. Айрыкча мектепти бүтүп-бүтпөй эле Россияга кетип жаткан жаш кыздардын агымы жылдан жылга калындоодо. Россиянын чоң шаарларына бакыт издеп келген кыз-келиндерди оор шарттар, кыйынчылыктар, көз жаш жана көйгөйлөр күтүп турат. Көпчүлүк серепчилер мунун себебин өлкөдөгү экономикалык факторлорго байланыштырышат, жумушсуздуктун кесепети да буга өз  таасирин тийгизип турат. Мунун  Дагы бир себеби жакында эле  Бүткүл дүйнөлүк миграция уюмунун изилдөөсүнөн кийин белгилүү болду.

Гендердик эксперт Гүлнара Ибраеванын айтымында жаш кыздардын мигрант болуп башка өлкөлөргө кетип жатышкандыгы үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири бирине кайдыгерлик мамилеси себеп.

“Негизи башка өлкөлөргө агылып жаткандардын бардыгы эле муктаждыктан эле кетип жаткан адамдар эмес, көп адамдар үй-бүлөлөрдөгү мамиленин начардыгынан, эмоционалдык бири-бирин жөлөө-тайоо сыяктуу колдоолордун жоктугунан башка өлкөлөргө кетип жатышат ошондуктан биз ушундай көз караштарды алмаштырышыбыз керек”.

Ал эми Суусамыр айылдык жергиликтүү кеңештин депутаты Асаналиев Зоодондун айтымында буга каражаттын тартыштыгы түрткү болууда ата-энелер акчадан кыйналгандан улам, балдарын башка өлкөлөргө аргасыздан тобокелге салып жөнөтүп жатышат.

 

“17-18 жаштагы кыздарды башка жакка иштегенге жөнөтүш ата-эне үчүн абдан эле кыйын болуш керек бирок, бул кыйынчылыктан улам болуш керек. Экономикалык кризистен чыгыш амалы, айла жоктуктан жиберип жатышат. Эми мунун кесепеттери кыйын эле болуш керек айтыш кыйын”.

Суусамыр айылынын тургуну Бактыгүл айымдын айтымында, азыркы учурда жаштар арасында башка өлкөгө чыгып иштөө атаандаштыкка айлангандай. Башка жерди көрүп келүү кызыгы да бар. Бул модага айланып бараткандыгын айтты:

“Азыркы ата-энелер балдарынын ою менен болот. Балдары болсо барып иштеп келели дейт, анан алар ойлойт кичине акча тапсын, кагылып-согулсун, жер көрсүн деп жакшы ой менен эле жиберишет болуш керек. Менин оюм боюнча чет жакка чыкпай эле бул жактан эле ошол акчаны тапса болот”.

Коомчулукта миграциянын терс көрүнүштөрүн алдын- алуу боюнча көптөгөн сунуштар айтылууда. Көпчүлүгү буга көп каражат жумшаш керектигин айтышат, ал эми гендердик эксперт Гүлнара Ибраева бул маселенин алдын алуунун материалдык эмес  башкача жолун табуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды көтөрүү зарылчылыгын белгилейт.

“Бүгүнкү күндө ата-энелердин балдарына болгон мамилелерине көңүл буруп, балким мектептерде көбүрөөк сүйлөшүш керек. Үй-бүлөнүн баалуулугу жөнүндө көбүрөөк иш-аракет кылыш керек. Саясий анан социалдык маселе деп табыш керек дагы окутуу жана үгүт жүргүзүү менен өзгөртсөк болот”.

Мигрант кыз-келиндер тартып жаткан кесепеттерди азайтуу үчүн жарандык коом өкүлдөрү үй-бүлөдө, мектепте балдарга тарбияны күчөтүү, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, мигранттардын турмушунун оош-кыйышы жөнүндө агартуу иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтып келатышат. Ал түгүл өтө эле жаш кыздардын сыртка кетишине тыюу салууну жактагандар да бар.

Мигрант кыз-келиндердин башындагы көйгөйлөр жөнүндө Кыргызстандын жетекчилери мигранттар менен жолугушкан жыйындарда дайыма сөз болот. Бул жагынан бийлик тарабында, коомчулукта түшүнүү деңгээли бар, бирок азырынча ниет-максаттар конкреттүү иш чараларга өтө элек.

Даярдаган: Анарбек Калдыков