Өзгөчө ысык аба ырайы эгиндерди кууратты

2019-жылдын июль айындагы аба ырайынын өзгөчө ысышы эгиндерге агын суунун жетишсиздигин пайда кылды. Насос менен суугарылуучу Терек-Суу айылындагы Барчын, Ууру-Сай участкаларындагы 30га ашык жердеги эгиндер куурап калды.

Бул жерлер Терек-Суу айылынын тургундарына 1962-1970-жылдары Токтогул суу сактагычынан көчүрүү мезгилинде бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн жерлер кумдак келгендиктен сууну көп талап кылып, ысык аба ырайы болгон жылдары суу жетишпей эгиндер куурап түшүм бербей калат.

Жогоруда бир нече адамдын дан эгиндери мисал катарында көрсөтүлдү. Мындан башка да 15га чөп чабындылар (беде), 5га картошка, 2га жашылча жемиштер, күндүн ыссыгынан жана суунун тартыштыгынан куурап калган.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов