Тогуз-Торого облус башчысы иш сапары менен келди

142

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Тогуз-Тородо иш сапары менен келди. Облус башчысы аталган райондун Сары- Булуң айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылындагы Сатыбалдиев атындагы орто мектептин  курулушу менен жеринен таанышты.

Эмгек жамаат Кыянбек Сатыбалдиевге мындан 7 жыл мурда курулуш иштери башталып, акча каражатынын тартыштыгынан курулуш иштери бүтпөй жатканын   айтышып, бул маселени чечип берүүсүн суранышты. Өкүл бул жагдай боюнча тийиштүү тарапка кайрыларын айтты.

Бул туралуу №7Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Венера Эпеева билдирди.

Даярдаган: Албина Бейшеналиева