Эне сүтү балаңыздын жашоосунун эң сонун башталышы

Өлкөдө жыл сайын 1-10-август күндөрү “Баланы туура эмизүү жумалыгы” өткөрүлүп келет. Мына ушуга байланыштуу Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда аймактык оорукана менен бирдикте атайын иш-чара өттү. Ага кош бойлуу жана жаш балалуу энелер катышты.

Иш-чарага катышкан энелерге дарыгерлер баланы туура эмизүүнүн пайдасы тууралуу кеңештерди беришти.

Ак-Талаа райондук үй-булөлүк дарыгерлер борборунун эмчек эмизүүнү көзөмөлдөө боюнча координатору Бокен Исамамбетова:  «Наристенин алгачкы 6 айында эне сүтү эң мыкты,табылгыс азык. Ошондуктан эмчек сүтүнөн башка азыкты берүүнүн зарылдыгы жок» деп эсептейт.

Бир гана эне сүтү балага керектүү бардык азыктарды бере алат. Баланын туулгандан кийинки алгачкы миң күнү баланын акыл-эсинин өсүшү үчүн абдан маанилүү убакыт. Ошол эне менен байланыш аркылуу, эмоционалдык сезимдер калыптанат, бул баланын кийинки жашоосунда кандай адам болуп калыптанышына абдан маанилүү. Ошондуктан эмчек эмизүү бул — баланын бүт жашоосу үчүн маанилүү болгон этап десе болот.

2008-жылы өлкөдө “Жаңы төрөлгөн балдарды эмчек эмизүүнү жана балдарды жасалма жол менен тамактандыруу жөнүндө” атайын мыйзам кабыл алынган. Анын максаты жасалма сүт азыктары жарнамасынан балдарга эмчек эмизүүнү коргоо, баланын туура тамактануусу жана эмчек жашындагы балдарды жасалма жол менен азыктандыруунун кесепеттери жөнүндө туура маалыматтарды берүү болуп саналат.

Ал эми борбордун улуу эмчи айымы Жыпаркүл Мамытбекованын айтымында эмчек эмизүү аркылуу эне менен баланын ортосунда психологиялык байланыш түзүлөт жана бекемделет. Бул бала үчүн эле эмес, эне үчүн да керек нерсе. Энелер балага алты айдан кийин эле чай, суу бере башташат. Бирок бул туура эмес.

Дарыгерлер ошондой эле бөтөлкө менен тамактанган балдардын арасында ар кандай жугуштуу ооруулардын күч алуу коркунучу жогору экени белгиленип, эне сүтү баланын ден соолугу чың, бир калыпта чоңоюусуна өбөлгө түзөрүн айтышты. Иш-чаранын соңунда энелерге чакан белектерди тапшырышты.

Даярдаган:  Гүлбарчын Мамытбекова