Тасмада эстелик тегереги тазаланды

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Карасаев айыл өкмөтүндөгү Альтернатива кызматынын кызматкери, «108 саат коомдук иштерге кызмат кылуу» деген буйрук мыйзамдын негизинде, коомго иштеп берүүсү тийиш. Ошолордун бири эстеликти тазалап иштөөдөн өттү.

«Альтернатива службасынын кызматкери 108 саат коомдук иштерге кызмат кылуу» деген буйрук мыйзамдын негизинде коомго иштеп берүүсү тийиш алардын бири Токтоян айылынын тургуну Бактияр Калыковдун айтуусунда:

«Альтернативалык служба военный билетти алып жатабыз. Мен службага барган эмесмин окуума байланыштуу жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин барганга мүмкүнчүлүк болбой калды. Иним экөөбүз чогуу Альтернатива служба кылып жатабыз, ал дагы окуусуна байланыштуу бара албай калды. Биз азыр эстеликти тазалап жүрөбүз. Буга чейин айыл өкмөттүн имаратынын алдына барып, ал жакты тазалап келдик.»

Тогузбай айылынын тургуну Муктарбек Чилетиров өз оюн төмөндөгүдөй билдирди:
«Эстеликтин тегериги таза турсун, тазалашсын таза болуп турушун каалайм. Эстеликтин тегереги таза болуп турсун согуштан курман болгондор бар ошол себептен тегерегин тазалап жакшы кармашыбыз керек. Алар биздин ата-энелерибиз болгон тазалап иштешсин.
Ар бир жаран эстеликтин тегерегин тазалоого милдеттүү бул жерде биздин ата-энелерибиздин эстелиги турат, ар бир жаран эстеликтин тегерегин тазалап туруу керек»,- деп билдирди Муктарбек Чилетиров.

Даярдагандар: Аяна Эламанова, Жибек Мелисова