Зордук зомбулукту кантип алдын алса болот?

53

Кыргызстандагы ички иштер министирлигинин маалыматына караганда, өлкөдө ар кайсы формадагы зордук – зомбулук фактылары, жыл өткөн сайын көбөйүп баратат.

Укук коргоочу уюм Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук токтобой, аялдарга, жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук окуялары боюнча акыркы эки жылда 9 миңге жакын кылмыш иши катталганын баяндаган. Анын ээ-жаа бербей жайылышына социалдык, экономикалык теңсиздик, башкалардын өмүрүн баалабагандык, аракечтик, баңгилик, балдарды жемине айлантууну көздөгөн кара ниет кишилер жана кылмышкерлердин жазасыз калгандай көрүнгөнү себеп болууда.

Ал эми, зордук — зомбулукту жокко чыгаруу боюнча көптөгөн маалыматтарды мамлекет, коомчулук тарабынан таркатыш керек. “Эркектер зордук-зомбулукка каршы” уюмунун жетекчиси Марат Алияскаровдун айтымына караганда, көп учурда билбестиктин айынан, маалыматтын жетишпестигинен зордук- зомбулук көбөйүп жатат.

Бишкек шаарында «Эркектерди коргоо» борбору ачылган. Ал борбордун максаты Кыргызстандагы болуп жаткан жаман кѳрүнүштѳргѳ каршы туруу, эркектерге жардам берүү, калктык генофондду оңдоо жана үй-бүлѳлүк баалуулуктарды кѳтѳрүү болуп эсептелет. «Эркектерди коргоо»борборунун жетекчиси Марат Алиаскаровдун айтымында «Эркек дагы, аял дагы ѳзүнүн жүрүм-турумунун үстүндѳ иштеш керек. Кѳптѳгѳн маалыматтарды таркатыш керек мамлекет тарабынан дагы анан коомчулук тарабынан дагы. Кѳп учурда билбестиктен же бир ошо кандайдыр бир абройуна шек келтирген учурларда үй-бүлѳдѳ зордук-зомбулук жарык кѳрүп атат да. Ошондой эле мамлекет дагы, коомчулук дагы жардам беришибиз керек.

Азыркы маалда, элибиздин көпчүлүгү миграцияда болуп, башка мамлекеттерге иштегенге кетип жатышат. Балдары туугандарынын колунда. “Тилекке каршы, канчалаган балдар зомбулукка дуушар болот. Ошол себептен да улам зордук — зомбулук фактылары көбөйүп жатат”, —  дейт Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын жаштар иштери боюнча адиси Марлис Олжотоев.

“Кыргызстандын экономикалык абалы, элибиздин көпчүлүгү башка өлкөлөрдө, миграцияда жүрөт. Албетте, анын балдары жакын туугандарынын колунда. Туугандары өз баласындай көрбөйт. Ошол себептерден жетишпестиктердин айынан ушундай нерселерден улам, ал балдар кордукка, зомбулукка дуушар болуп жатышат. Ата-энелер, эгер жанында болгондо мындай нерселерге жол берилбейт эле. Аз болмок. Андан сырткары, бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоодо ата-энелер мурдагыдай тарбиялабайт. Болушчаак, мугалимдерге чейин кийлигишет.”

2017-жылы Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан сактоо, коргоо мыйзамы чыккан.

Серепчинин айтымында бүгүнкү күндө статистика өсүп жаткандын бир тарабы аялдар милицияга, таяк жеген учурда доктурга кайрылганды үйрөнүштү. Зомбулук жөнүндө ачык айтылып, мурда стереотиптик көз караштар уруп койсо, эч нерсе болбойт, үй-бүлө чабышат аял күйөөсүнүң маселеси деп каралчы, азыр аял күйөөсүнүн маселеси эмес, жаңы мыйзамга ылайык 75-берене бүгүнкү күндө 20 миңден 60 миңге чейин аялын урган адамга айып пул салынат.

«Кыз бала болсо, эртең күйөөсү урса дагы нормалдуу жүрүм катары кабыл алынат экен. Зордук- зомбулук фактыларын кандай жол менен азайтса болот” деген сурообузга гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаева төмөнкүчө жооп берди:

Үй –бүлөсүнө көңүл бурбай, балдарына татыктуу тарбия бербей, берүү жөнүндө ойлонбой, жүргөн ата, улгайган кезинде баласынан  мээрим алалбайт. Анткени, баланын чыр-чатактуу атасынын апасынын урган үй-бүлөдө чоңойгондо психикасы бузулган. Ата-энелерге учурга өтө көңүл бөлүш керек. Үй-бүлөдөгү чыр-чатактуу жашоо норма катары кирип калган. Аны бала норма катары кабыл алып калган. Бирок, зомбулук жасалган адам кайра эле 50-60 жашка чыкканда айланат экен. Дүйнөлүк изилдөөлөр керек болсо көрсөттү. Ошон үчүн ата-эне баланы сүйүү менен өзгөчө мээрим менен өстүрүш керек.”

Даярдаган: Анара Мааметова