Кожомкул айыл башчысынын ишине айыл эли баа берди

71

Кыргызстанда Жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу жана өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде, элет жериндеги  айыл башчыларынын орду чоң.

Ал эми Кожомкул айылынын айыл башчысы Бакыт Мойдинович жети жылдан ашык убактан бери айыл башчылык кызматты аркалайт. Ал өз кезегинде айылдын маанилүү маселелерин чечип, айыл тургундардын үнүн айыл өкмөткө жеткирет.

Ал жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай материалдык-техникалык жактан камсыз болбогондугун жана өз кызматы туурасында Суусамыр  FM радиосунда, “Демократия сааты” уктуруусунда конокто болуп, айтып берди.

Студиянын дагы бир коногу Кожомкул айылынын депутаты Нурбек Мокотаев айыл башчы өз кызматын канааттандырарлык аткарып жаткандыгын кошумчалады.

Ал 2-3 айда бир жыйналыш кылып айыл тургундарынын оюн угуп турат.

Кабарчыбыз Кожомкул айылынын тургундарынан чогулткан суражылоодо айыл башчыга нааразы болгон тургундар да болду. Аларга айыл башчы бул жерде таарынычтар жеке мамилеге өтүп кетиптир, деп жооп берди.

Эфирдин кайталоосун кененирээк Суусамыр FM радиосунда, саат 18:30 да уга аласыз!

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы