Жергиликтүү кеңештерде 30% аялдар болушу маанилүүбү

70

Кыргызстан боюнча, жергиликтүү айылдык кеңеште депутат айымдар, айымдардын коомдогу укуктарын жайылтууда. Социалдык маселелелер чечилиши үчүн, жергиликтүү кеңеште айымдардын саны көбүрөөк болууга зарыл. Акыркы жылдары, статистиканы карасак жергиликтуу кеңеште, айымдардын пассивдүүлүгү байкалууда, мисалы азыр 100%дан  11% гана айымдар.

Жалпы республика боюнча 8384 депутатта, 400 ашпаганы гана айымдар. Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын 30 пайызын бир жыныстын өкүлдөрү үчүн резервге коюу боюнча мыйзам долбоору экинчи окуудан өттү.

Бакай-Ата районунун урмандар үчүн, түз эфирде ушул тема тууралуу талкуу болду. Эфирдин коногу болуп жергиликтүү кеңештин депутаты Динара Шаботоева катышты.

«Демократия сааты» долбоору Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан каржыланат. Уктуруудагы ой-пикирлер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова