Акысыз көчмө мобилдик клиника айылда өз ишин баштады

140

Суусамыр өрөөнүнө көчмө мобилдик клиника келип кызмат кылууда. Бул кызмат айыл тургундары үчүн абдан маанилүү, себеби, Суусамыр айылдык ооруканасында врачтар жетишсиз болуп келет. Жыл сайын келүүчү клиника, быйыл дагы өз ишин баштады. Эми айыл тургундары кезекке туруп, ден- соолугун текшерте башташат.

Бул тууралуу көчмө мобилдик клиниканын жетекчиси Бурул Караталовна Суусамыр FM радиосунда түз эфирде билдирди. Өз сөзүндө ал, көчмө мобилдик клиника деген эмне, кандай иштерди жасайт, канча адам эмгектенет туурасында айтып өттү.

Көчмө мобилдик клитника- Россия федерациясы тарабынан каржыланат. Кыргызстанда иштеп жатканына 5 жылдын жүзү болду. Клиника өлкөдөгү алыскы, дарыгерлер жетишисиз болгон аймактарга барып, ооруларды алдын алуу иштерин жасап, профилактика жүргүзөт. Эскерте кетсек, көчмө мобилдик клинкасынын кызматтары, дарыгерге көрүнүү жолу, кеңеш алуу бардыгы акысыз.

Суусамыр өрөөнүндө 11 күн бою гинеколог, терапевт(үй-бүлөлүк дарыгер), мед айым  кызмат көрсөтүшөт.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы