Сүлүктүдө жасалган каражаттар Бишкектин дүкөндөрүндө сатыла баштады

402

Сүлүктүлүк новатор-ишкер Жусубали Болдубаев тарабынан иштелип чыккан, өзгөчө кирлерди кетирүүчү каражаттар Бишкектеги «Бардыгы 50 сом» соода маркасы менен белгилүү болгон дүкөндөрдө сатыла баштады.

Ариет же «ARIET» соода белгиси менен сатыкка чыккан пасталар Сүлүктүдөгү «Кошбулак» жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан өндүрүлөт.

«Өндүрүлгөн пастаны сатууну Бишкектен баштаганыбыздын себеби, бул жакта жаңы өндүрүлгөн товарларды колдонуп көрүүнү каалаган кардарлар көп. Бир колдонуп көргөн кардар сөзсүз блогу менен сатып алып жатат. Келечекте чет мамлекеттерге экспорттойбуз деген максаттар бар,» — дейт Жусубали Болдубаев.

Дүңүнөн сатып алууну каалагандар болсо 0772988810 ватсап аркылуу редакцияга кайрылып, өндүрүүчү ишкана менен байланыш маалыматтарын алсаңыздар болот.

Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов