Айылдык шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кандай иштерди жасайт?

99

Суусамыр айылдык №7346 шайлоо участкасынын кызматкерлери Кулсариева Чолпон жана аталган участканын төрагасы Таштанбаев Калыбек Суусамыр FM радиосунда, “Демократия сааты” долбоорунун алкагында даярдалып жаткан радиоуктурууда, айылдык шайлоо комиссиясы кандай ишерди жасайт деген суроолорго жооп берди.

Эфир учурунда, айылдык шайлоо комиссиясынын укуктары, анын төрага жана мүчөлөрүн ким шайлайт, азыркы күндө канча адам кандай кызматтарда иш алып барып жаткандыгы туурасында да сөз болду.

Андан тышкары студиянын коноктору, шайлоо учурунда, шайлоо иштери туурасында айыл тургундарына алдын- ала эч кандай иштер жасалбай тургандыгын кошумчалашты.

«Демократия сааты» долбоору Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан каржыланат. Уктуруудагы ой-пикирлер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы