Базар-Коргондо бүтүрүүчүлөр сыйланды

Базар-Коргон районунда эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бүгүн Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясында ЖРТдан жогорку балл алган окуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Бул аземге райондун акиминин орун басары Замира Адышова, Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мурат Бурканов, «Бай Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси Эрлист Акунбеков, Райондук билим берүү бөлүмүнүн жектектөөчү адиси Нургүл Нуралиева жана 170 баллдан жогору алган окуучулардын ата-энелери, мектеп директорлору катышышты.

Район боюнча ар бир мектептен жыйырма эки мыкты окуучулар чакырылып, райондо биринчи жолу окуучуларга дем берүүчү акчалай сыйлыктарды берүү үчүн атайын демилге көтөрүп, балдардын келечегине карай биринчи баскычына салым кошкону келген Эрлист Акунбековдун сыйлыгы кийинки бүтүрүүчүлөргө да демине дем берип, мындан да бийиктиктерге жетишүүсүнө өбөлгө түзмөкчү.

213-180 балл алган окуучуларга беш миң сом акчалай сыйлык берилди.

180-170 баллга 2000 сомдон дем берүүчү сыйлыктар берилди.

Райондук администрациясынын акиминин орун басары Замира Адышованы бүгүнкү иш чара боюнча оюн уксак:

«Бүгүн бүтүрүүчүлөрдүн эсинде калуучу күн болду, жакшы саамалык болуп жатат. Себеби алар менен ата-энеси, мугалимдер, жалпы райондун калкы сүйүнүп жаткан мезгил. Акыркы беш жылдыкты алсак, жылдан жылга өсүү болуп жатат. Республика боюнча Жалал-Абад облусу биринчи орунда турса, ал эми биздин Базар-Коргон району облуста экинчи орунда турат. Бул чоң жетишкендик. Ага жетүүбүзгө районубуздун мугалимдеринин мээнети зор. Жалпы жыйырма эки окуучу эң жакшы жетишкендике жетишип, 213-180 баллга чейинки окуучулар сыйланып жатышат. Биз бүтүрүүчүлөрүбүзгө ийгилик каалайбыз. Өздөрү каалаган окуу жайга өтүп, билимдүү жаштардан болушсун. Окуучуларга көңүл бөлүп, аларга стимул болсун деп келген биздин демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем.»-деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мурат Бурканов.

«Иш чаранын демөөрчүсү «Бай Дыйкан» Айы чарбасын колдоо борборунун жетекчиси төмөндөгүлөрдү билдирди:

Негизи билим тармагына көп көңүл бурам. Азыр дүйнө кезип жүрөбүз. Ошол жактан көп нерселерди көрүп, мамлекетибиздеги билим сапаты да ошол деңгээлге жетишин каалайт элек. Билим алуунун текшерүүчү жыйынтыгы бул жалпы Республикалык тестирлөө. Район тургуну болгондуктан мыкты окуучуларды колдо максатында алдыда келечек жолуна өз каалоомду айтып, тажрыйбам менен бөлүшүү, аларга стимул боло турган сыйлыктарымды бергени келдим. Бүгүн сыйлыктарын бердик, балдар кубанычтуу. Жакшы иштесең анан сени макташса, сыйлык берип турса, эң жакшы эмеспи. Балдарга бүгүнкү салтанат да эсинде калып, келечегине карай максат коюп жашоосуна багыт берет деп ишенемин.»

«Бүгүнкү иш чара боюнча айта кетсем, биздин райондо биринчи жолу уюштурулууда, биринчилерден болуп жатат. Демөөрчүбүз Эрлист Акунбековго ыраазычылыгымды билдирип кетем. Себеби, ал берген сыйлык балдарга стимул болуп жатат. Эрлисттин балдарга берген кеңешинде, анын сөзүндө терең маани бар. Мен ойлойм келечекте чоң ийгиликтерге алып келет. Тулан Акунбеков демилге көтөрүп, окуучуларды колдоо аларга багыт берүү, стимул болуусу үчүн акчалай сыйлап коелу деп сунуштады. Мен аябай кубандым, себеби бизде мындан мурда ЖРТдан жогорку балл алгандарды сыйлоо жок болчу. Келерки жылы да көбүрөөк салым кошобуз деп жатат. Ушул жерден менин оюмча кийинки жылкыга мугалимдерин да кошолу деген ой келди. Аларды даярдаган мугалимге да стимул болсун алардын мээнети да баалансын деген максатта уюшуралы»-деп билдирди Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургүл Нуралиева.

«Биздин райондун тарыхында биринчи жолу Эрлистке окшогон чыгаан уулдарыбыз чыгып, бизди эске алып, чо бир кубанычка бөлөп отурат. Иштериңе ийгилик каалаймын. Ал эми биздин мыкты окуучуларыбызга каалоорум силер райондун күзгүсү болдуңар, келечекте Кыргызстандын чыгаан уул-кыздарынан болгула. Силерди ушул даражага жеткирген мугалимдерге рахмат. Ошону менен биргеле ата-энелерге чоң рахмат, дайыма колдоо көргөзүп келдиңер, силер колдогон үчүн балдарыңар ушундай жетишкендиктерге жетип олтурат. Райондук администрациясынын акиминин орун басары Замира Адышовага, Райондук билим берүү бөлүмүнө ыраазычылык билдиремин. Сиздер колдоп турсаңыздар, албетте биз мында да жогорку бийиктиктерге жетебиз деп ишенебиз,»-деди № 17 Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинин директору Давлет Омурзакова.

Иш чаранын соңунда мыкты окуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ