Бакай-Ата: Балдар үчүн жайкы лагерь

Жай мезгилинде Бакай-Ата районунун балдары үчүн атайын жайкы лагерь уюшулуп келет. Ленин мектебинде ондогон балдар 10 жана 20 күндүк лагерлерге катышууда. 

Жайкы лагерь саат 9:00 — 15:00 иштейт. Бир топто 25 бала катышса болот. Балдар 10 күндүн ичинде 500 сом төлөйт. Катышуучулардын эртең мененки тамактануусу жана түшкү тамактануусу бар. Андан тышкары, атайын машыгуулар болот, балдар үчүн англис тили сабактары, тогуз коргоол окутуулары жана кыймылдоо оюндары программагы киргизилген.

Катышуучулар көбүнчө башталгыч класстардын окуучулары. Атайын балдар менен эки тарбиячы иш алып барат. Жана мындай лагерь үч топ менен болот. Ленин орто-мектебинин мугалимдери, башка мектептерден айрымаланып лагердин убактысын 6 саатка узарткан.

Даярдаган: Азамат Каработоев