Азыркы кыздар комитетинин ролу кандай?

194

Биз үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактайбыз, биз татыктуу билим берүү үчүн күрөшөбүз, атуулдук, адеп-ахлак жана туура тарбия бул биздин приоритеттер – дал ушундай сөздөр, ар бир кыздар комитетинин чогулушунда айтылат. Бул кыздардын мектеп убагынан тарта, укуктарын билүүгө максатталган атайын кыздардын кыймылы.

Кыздардын комитети — бул коомдук кыймыл, биринчи кезекте, салттуу баалуулуктарды сактоого жана бекемдөөгө багытталган. Бул үзгүлтүксүз жолугушуулар, ыктыярдуу иш жана коомдун жашоосунда активтүү катышуу.

Жантаева Нуриза, окуучу, ал мектептеги кыздар комитетинин мүчөсү. Окуу жайда кыздардын комитети эмне иш алып барат, ошол тууралуу кенениреек айтып берди.

“Көп учурда ал комитетти 11- класстагылар башкарат. Соцтарбиячы менен чогуу өткөрүлөт. 6- класстан 11- класска чейин бардык кыздар кириш керек. Чогулуп көп маселелерди чечебиз. Укуктар тууралуу маалыматты жеткирип, атайын сабактар өтүлөт. Мугалимдер тарбия иштерин өтөт, бир айда бир чогулабыз”.

Нургизанын айтуусунда, мектептерде кыздар комитети бар жана алар иштешет. Кыздарга карата зомбулукту алдын- алуу, жана кыздардын укуктарын коргоо маселесин приоритеттүү орунга коюшат.

Кыздарга жаштайынан туура тарбия берүү маанилүү. Алар балдар менен тең укуктуу жана сапаттуу билим алууга, коомдук жашоого аралашууга жана өз кызыкчылыгын өнүктүүрүгө укуктары бар. Облус жетекчисинин орун басары Азият Жаркыналиева, комитеттердин ишин колдойт.

Кыздар комитети баардык эле айыл жергесиндеги окуу жайларда бар эмес, болсо дагы кылган иштери кээ бир учурда сапаттуу эмес. Бирок, кыздардын укутарын коргоп жана айымдарга жардам берип жургөн атайын уюшулган коомдук уюмдардын саны аз эмес.

Бектур Медетов, Талас жаштарынын лидери, ал мындай комитеттердин ишмердүүлүгүн жакшыртып туура нукка салууну сунуштады.

“Кыздар комитети окуучулардын бирикмеси десек болот. Бирок бул искусственный деп ойлоймун. Өнүктүрүш керек башкача форматта. Анткени, кыздарды өнүктүүрүгө, таланттарын ачууга, укуктарын корголуусуна, бири-бирине жардам бере турган уюм болушу керек”.

Бул комитетте лидер кыздар жетектеп, ар бир окуу жайдын же айыл жергесинин кыздарынын укутары корголот. Ал кыздар түзмө- түз өздөрү маселени жеринен чече албаса, атайын тийиштүү органдарга кайрылышат. Мындай комитеттер, биздин өсүп келе жаткан муун үчүн абдан маанилүү.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова