Бакай-Ата: Жаштардын шайлануу укугу

145

Бакай-Ата жамааттык радиосунун түз эфиринде «Демократия сааты» долбоорунун алкагында уюшулуп жаткан, «Жаштардын шайлануу укугу» аттуу программа болуп өттү. 

Эфирдин коноктору Борбордук шайлоо комиссиясынын Талас облусунун өкүлдөрү Таалайбек Сетеков жана Гулира Бекенова болушту. Программанын алкагында, коноктор шайлоого тийиштүү суроолорго жооп беришти. Түз эфир социалдык тармакта баракчабыздан дагы, эфирге чыкты.

Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынып, каржыланууда.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова