Кыздарга пайдасы тийбеген үлүш жерлер

208

Алыскы айыл жергесинде, ар бир жаран үчүн жергиликтүү мамлекеттик башкаруу мекемеден айыл ичинен үлүш жер бөлүнүп берилет.

Жер кодексине ылайык жер үлүшү — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу. Үлүш жерлер кимге бөлүнөт жана бөлүнүү тартиби кандай, бул тууралуу Бакай-Ата айылынын Жайыт комитетинин төрагасы, Өскөнаалы Осмонбеков айтып берди:

“1994-жылы Президенттин указынын негизинде, бүт Кыргызстан боюнча, мурдагы колхоз-совхоздор тарап мүлкүн, жер үлүшүн бүттүгүн элге бөлгөн. 1994- жылга чейинки жараандарга жер үлүш бөлүнгөн. Мисалы, Бакай-Ата айылында, ар бир бала үчүн 40 сотыхтан жер бөлүнүп берилген”.

Баланын жынысына карбастан жер бирдей бөлүнүп берет, бирок кыз турмушка чыккан соң, үлүш жер ата-энесине же агаларынын пайдалануусуна калат. Асель Бектурсунова, Талас шаарынын тургуну, ал Бакай-Атага келин болгонуна 7 жылдын жүзү болду, өзү туулуп өскөн айыл Бакай-Атадан 70 км алысыкта, азыркы учурда жер үлүшүн бир тууган агалары пайдаланат.

“Турмушка чыкканыма 6 жыл болду. 6 жылдан бери үлүш жерибиз менен колдонгон жокпуз, анткени жер ата-энемде калган. Эми алардан сураш деле өзү уят, алардан кантип сурамак элем. Чоңойтуп, тарбиялап, өстүргөндөн кийин. Эми ал биздин менталитетке деле жатпайт го дейм”.

Көп учурда кыздар турмушка чыгып, жер үлүшү ата-энесине пайдаланууга калат,  Шамиль Мурат жеке юрист. Анын айтымында, участокторду кыздар турмушка чыккандан кийин дагы колдонгонго укугу бар, бирок, көп учурда жерлер ата-энесине калып, стереотиптерибиз кызга үлүш жерин алып кетүүгө жол бербейт.

Бирок, мыйзамга карабастан айыл жергесинде, эгер кыз күйөгө чыгып кетип, бирок баарыбир жер үлүшү менен пайдаланса, бул туура эмес көрүнүш. Мыйзамга ылайык жеке жер үлүш менен кыз дагы, уул дагы бирдей пайдаланууга укугу бар.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова