Райондун мыкты кызматкерлери сыйланды

155

23-июнь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерлеринин күнүнө карата Бакай-Ата районунун кызматкерлери сыйланды.

Бакай-Ата районунун айыл аймак башчыларынын жана мекеме уюм жетекчилеринин сунуштамаларынын негизинде, райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сетекова Гульмира, мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыгынын салык карыздарын өндүрүү жана салыктык текшерүүлөр бөлүмүнүн ага инспектору Темиралиев Поезбек, райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Момунтаев Талгат, райондук агрардык башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Исабеков Мирлан, Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси Умаров Амангелди, Өзгөрүш айыл аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Эдигеева Гульсайра, Акназаров айыл аймагынын киреше боюнча жетектөөчү адиси Торгоев Абтандил, Боо-Терек айыл аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Дуйшенкулова Рахат, Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Байтиков Ильяз, Кең-Арал айыл аймагынын аскердик эсепке алуу столунун инспектору Аманов Нурдан жана Оро айыл аймагынын аскердик эсепке алуу боюнча адиси Айтпаева Каныкейлер Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы менен сыйланды.

Ал эми Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын өнөр-жай, айыл чарба жана экономика секторунун башчысы Сыдыков Азирет мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө маанилүү салымын кошкондугу, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн мамлекеттик кадр кызматынын Ардак Грамотасы менен сыйланды.

Мындан башка, финансы жана экономикалык кызматкерлеринин күнүнө карата Финансы министрлигинин Бакай-Ата башкармалыгынын казыналык бөлүмүнүн башкы адиси Айдарова Уултай «Финансы экономикалык иштин отличниги» төш белгиси менен сыйланды. Мындай сыйлыкка райондук социалдык стационардык мекемесинин башкы эсепчиси Кулчунова Сагын дагы ээ болду.

Даярдаган: Бообек Чүкөтаев