Аарылардын ызылдашы менен аба- ырайынын кандай болорун билсе болот

Ысык- Көл облусунун Долон айылынын тургуну Нурмат Исаков бал челек кармап эмгектенет. Биз барган учурда бал тартууга даярданып жаткан экен. Бал челекчи кандай жол менен бал алынары жана аарылар тууралуу маалыматтарды айтып жана көргөзүп бере алды. 

Бал челекчи менен бирге керектүү куралдарды алып жана коопсуз кийимин кийип бал аарыларын жана аны иш жүзүндө көрө алдык.

 Бал челекчи Исаков Нурматтын айтымында:

«Аарылар өтө сезгич жана алардын мүнөзү аба ырайынан көз каранды болот ошону менен бирге зыян келтирбеген адамга эч качан аары биринчи чагып зыян келтирбейт. Аарылар өтө тактыкты жана адам баласы тарабынан дайыма көзөмөлдөөнү талап кылат, өзүнүн убагы менен аарыларга зыян келтирбей балын алып, кайра аларга ыӊгайлуу шарттарды түзүп беребиз.

Эӊ кызыктуусу аарылар ызылдап, тезден учуп башташса, биз алар аркылуу аба ырайынын бузуларын (жаан жаап же катуу шамаал болорун) билебиз. Эч качан аарылар бири бирине кол салып же болбосо биринин челегине бири кире албайт. Аларда дагы аарылар кирүүчү тешикчесинде кароолчулар турат, алар башка челектеги аарыларды эч качан киргизбей, эгер кирип кете турган болсо өлүмгө дуушар болот. Андан сырткары, алар кара түстү көп жактыра беришпегендиги таӊдандырат. Ошол себептен биздин кийимдерибиз ак түстө.

Азыркы учурда балдарды жыйнап алууга даярдыктарды көрүп жатабыз. Бардык керектүү жабдуулар керектүү буюмдарыбыз жана бал сактоочу жайларыбыз дагы бар.

Жылына эки жакшы болсо үч жолу бал алабыз. Балды бир канча тонна менен алабыз. Азыр 38 челек иштеп алардан бал алабыз калган челектер даярдалып жатат,»- деди.

Исаков Нурмат жеке бал челекти иштетип гана эмес, бал челектерин дагы жасап жана аларды кардарларга сатуу менен дагы эмгектенет.

«Ооба, мен бал челектерин дагы өзүм жасайм. Башында өзүм үчүн жасасам, азыр кардарларым бар, аларга сапаттуу жасап өзүмө киреше таба алам,»-деп билдирди Исаков Нурмат.

Биз Нурмат Исаковдон дагы кандай кесип менен алектенесиз деп суроо узатканыбызда, ал мал чарбачылык менен анын ичинен канатууларды багуу менен алектенерин айтты. Бул ага бал кароодон жана бал челектерин жасоодон ашкан убактысын текке кетирбоо максатында алектенерин айтты.

«Быйыл 80 каз жана 50 жөжө багуудабыз, быйыл өзүмдү сыноо ирээтинде багып жатам, убактым жетет экен, эми кийинки жылдары сандарын өстүрүүгө аракет кылабыз,» -деп билдирди Исаков Нурмат.

 Даярдаган: Осмонова Мырзагул, Максат кызы Нуриса