Тасма: Алдаберди уруусу тилөө өткөрдү

Тасма айылында тилөө жыл сайын уруулар арасында Кудайга жалынып, бата берип, жакшы маанайда өткөрүлөрүн айыл аксакалдары билдиришет.


Тасма айылынын тургуну Жибек Сулайманованын айтуусунда:

«Тасма айылында Алдаберди уурусунун тилөөсү болду. Кудайга жалынып, эл журт, ага-туугандар менен анын ичинен беш түтүн берип атабыз. Эл журтта тынччылык , барчылыкты тилеп келген конокторду коноктоп атабыз. Тилөө- деген бул Кудайга жалынуу, Кудайдан сурануу, эли- журтка тынччылыкты, токчулукту, барчылыкты, ынтымакты, ыйманды берсин,»- деп айтып өттү айыл тургуну.

«Мен колхоздо иштеп келгем. Байбичемин жашым 80 жашка келди. Илгери жакшы иштеп, көп жумуш иштеп, эми азыр карып, карылыктын үстүндө жыргап отурабыз, азыр пенсиядагы байбичемин. Бүгүн эл журттун маанайы жакшы, мына бүгүн күн да жакшы тийип, кудайдан бата тилеп, жер суу болуп, жаан тилеп элдин өмүр бактысын тилеп, жакшы маанайда отурабыз. Элге бала бакырага бата берип отурабыз, элден айланайын «бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт» деген сөз илгертен калган. Бүгүнкү тилөө жакшынакай маанайда жакшы тилектер менен жакшы кеп жакшы сөз менен отурабыз. Мал союп кудайдан тиленип, бүгүнкү тилөөнү өткөрүп атабыз. Бул илгертен калган салт, тилөө кылат күн жаабай койсо, эгин жакшы чыкпай койсо бүт эл журт түлө кылчу. Айланайын кудай эгиндерди өстүрүп бер, чөп- чарды өстүрүп бер, бардыгына ден- соолук бер, деп эл илгертен кудайга жалынчу, ошо жалынып отурабыз тилөө берип. Тилөө деген кабыл болот, элдин тилегин берет, кайсы убакта болсо күн жаап берет,»- деп билдирди айыл тургуну.

Сатымбүбү эненин айтуусунда: «Мен 96 жаштамын. Бүгүнкү тилөө абдан жакшы маанайда өттү. Элдер ыраазы, тилөөнүн максаты, элди биримдикке ынтымакка чакыруу. Бул илгертен келе жаткан салт, ушул каада- салттын негизинде ушундай тилөө өтүп жатат. Элдер батасын берип, кудайдан тилек тилеп, ошол тилектери кабыл болсун деп ушундай өткөрүлөт,»- деп билдирет Сатымбүбү эне.

Даярдагандар: Жумагулова Гулназ, Фатима Эсенканова, Аяна Айбек кызы