Сүлүктү боюнча алгачкы Алтын Сертификат ээси- Айзада Эркинова

461

Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы социалдык тармактарга официалдуу түрдө 2019-жылдын Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Алтын Сертификатка жетишкен окуучулардын тизмесин жарыялады. 

Маалыматтарга ылайык Сүлүктү шаарынын тарыхында алгачкы жолу 223 балл менен Алтын Сертификатка жетишкен Эркинова Айзада болду.

 

 

 

 

 

Айзада Эркинова 2018/2019- окуу жылында Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүсү. Белгилей кетсек? Айзада 1-класстан баштап 11- класска чейин толук мектеп-гимназияда окуган эксперимент класстын алгачкы бүтүрүүчүсү. Биринчи мугалими Халова Чынара. Кыргыз тили мугалими Шералиева Диляра, математика мугалими Айтемирова Бууниса, физика мугалими Абдрасулова Бактыгүл, тарых жана олимпиадага даярдаган мугалими Мовлянова Гүлжан, биология мугалими- Джапарова Назира, класс жетекчиси Токонова Чынара, АЧД, АЭМ мугалими жана атасы Сапаркулов Бакытбек, химия мугалими- гимназиянын директору Рустамова Базаргүл Саттаровна.

Базаргүл Рустамова жетекчи катары көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин мындан 10 жыл мурда эле Гапыр Мадаминовдун акыл эмгегинин маданияты, энелер мектеби жана инсан таануу сабактарын киргизген. Айта кетсек Айзаданын ийгилигине Гапыр Мадаминовдун жеке өзүнүн жана илимий эмгектеринин салымы да өтө чоң. Андан сырткары Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Саттарова Чынара Осмоновна, Сүлүктү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исманов Абдибахап Жалиловичтер да Эл аралык олимпиадаларга катышып келген учурда ар тараптуу колдоосун көрсөтүп келет.

Даярдаган: Канайым Абдигапарова