Жубайлар кантип айылда балдарга жана аялдарга жардам берүү үчүн кризистик борбор ачышты

Молдовановка айылы, Чүй облусу

Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан  жүргүзүлөт.

Биз жубайым экөөбүз, Иса Омуракунов жана Таалайкуль Арызматова, Нарында төрөлгөнбүз. 1998- жылы Бишкек шаарына көчтүк. 2005 – жылы Молдовановка айлынан үй сатып алып, көчүп бардык. 9 жыл мурда жубайым экөөбүз үч баласы менен бир аялды үйүбүзгө багып алдык. Кийин башка айылдаштарыбызга жардам бере баштадык жана «Эне бала мээрими» фондун негиздедик. Бүгүнкү күнгө чейин биз 100дөн ашык аялдарга жана 150дөн ашык балдарга жардам бердик. Абдан чарчаган убактыларыбыз болот. Кээде бийлик өкүлдөрү келип, биздин эмгекти баалашпайт, маанайыбыз бузулат. Бирок, биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн, аялдардын жашоолору жакшырып баштаганда, биз бардык кыйынчылыктар тууралуу унутуп калабыз. Биз бактылуубуз!

Иса Омуракунов: Менин таанышым бар болчу. Анын кызы турмушка чыккан. Жолдошу менени бир аз жашап, мамилелери жакшы болбой баштады. Ал ата – энесинин үйүнө келип, кайра кетип жүрдү. Ошентип билинбей убакыт өтө берип, 3 балалуу болушту. Бир күнү досум мага мындай деди: «Иса, мага жардам бере аласынбы, күйө баламдан тажадым, абдан көбүп кетти. Ал кызымды биздин көзүбүзчө дагы сабай баштады» деди.

Мен «Кантип жардам берсем болот?» деп сурадым. Ал «Кызым Оруссияга кетүүнү каалап жатат. Күйөөсүнөн кайда жашынаарын билбейт. Ал келе берет деп коркуп жатат» деди. Мен таанышым менен сүйлөштүм, ал балдарды жанына ала алат, анын балдар үйү бар. Аялды балдары менен өз үйүбүзгө алып келдик. Үй  бүлөөдө эки кыз, бир бала экен. Эң кичүүсү, 2 жашта экен ал өзүн жаман сезип, ыйлап, мамасынын көңүлүн өзүнө бурдуруп жатты.

Аны байкап отуруп, ичимден бир ой келди, мен эне  менен баланы эч качан ажыратпоону кааладым. Менин таанышым балдарды 7 жаштан кийин гана алат экен. Балдарды таштаган жокпуз. Биз артка келе жатканда «Эгер бардык шарттар, жашаган жер тамак аш болсо, калат белеңиз»  деп сурадым. Ал ооба деп жооп берди.

Эртең менен биз жаныбыздагы  үйдү ижарага алдык, ал бош турган болчу. Аялды балдары менен ал жакка жайгаштырдык. Кийин биз дагы бир канча тааныштарыбыздан тааныштарына жардам бердик – күйөөсү үйүнөн кууп чыккан аялга, бала төрөп үйүндөгүлөргө айткысы келбеген кызга. Ошентип баары башталып кетти… Бул иштин башталганын өзүбүз байкабай калдык. Ошентип бир канча жыл өттү. Биздин юрист таанышыбыз бар болчу, ал мамлекет тарабынан суроолор болбоосу үчүн уюмду каттоо кеңешин берди. Ошентип биз 2011- жылы «Эне бала мээрими» Коомдук фонду болуп каттоодон өттүк.

Таалайкуль Арзыматова: Мен 48 жаштамын, менин 42 балам бар. 5 өзүмдүн жана 37 борбордун балдары, мен алардын комкорчусумун. Фонд түзүү идеясы жолдошума таандык. Фонд ачылгандан баштап, ага бардык жактан жардам берүүгө аракет кылам. Документ түрүндө фонддун директору саналам.

Элдер бизди сойкуларды багат деп ойлошчу

Иса Омуракунов: Жаңы ачылганда үйдө эмне болсо, ошону берчүбүз. Коноктор биз эмне жесек ошону жешкен. Туруктуу жумушубуз жана кирешебиз жок болчу.

Таалайкуль Арзыматова: Көбү бизди түшүнгөн жок. Кошуналар бизди бузулган аялдарды багат деп ойлошчу, анткени биз студент кыздар менен иштечүбүз. Боюнда бар аялдар көп келишчү. Эки жылдын аралыгында көп ушактар  айтылып жүрдү. Кийин биздин жумуштун жыйынтыктарын көрүп, балдар жана энелер бир биринен ажырабай, куткарылган балдар көбөйгөндө, бизди түшүнүп, туура кабыл ала башташты.

Иса Омуракунов: 2015 –жылы аялдардын акча табуусуна жардам берүү үчүн тигүүчү цех жана кондитердик азыктарды бышыруучу жер ачтык. Албетте, иш дароо гүлдөп кеткен жок, акырындык менен иштеп жаттык. Кээбир аялдарга тиккенди жана кондитердик азык – заттарды жасаганды үйрөттүк. Мисалы, аялдардын бири Ош базарында, чай жана коржиктерди сатат. Азыр биз мал багууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мен  борборду иштетүү үчүн демөөрчүлөрдөн каражат издегим келбейт, өзүбүздү өзүбүз камсыз кылууну каалайм. Эт, сүт , кымыз жана башкалар өзүбүздүкү болсун деп мал багабыз.

Таалайкуль Арзыматова:  Мындай ишмердүүлүк менен алектенгенибиз кокусунан эмес. Бизге келген энелерге моралдык жактан гана жардам бербестен, колдон келишинче каржы жагынан дагы жардам кылабыз. Аларга тиккенди жана тамак жасаганды үйрөтөбүз.

Иса Омуракунов: Кээде адамдар бизди таап, жардам беришет. Каникулда балдар менен Ысык – Көлгө эс алуу уюштурууга жардам берген демөөрчүлөр бар. Мен баарына ачыкмын. Тааныштар бир кап ун жана башка нерселерди алып келип беришет.

Таалайкуль Арзыматова:

Мал сойгондо эт алып келип бергендер бар, айрыкча мусулман майрамдарынын алдында, Жаңы жылдын алдында белектерди дагы алып келишет. Ишмердүүлүк башталгандан бери мен долбоорлорго катыштым, окуулардан өттүм, консультацияларды алып, долбоор жазганды үйрөндүм. Долбоорлорду жаздым, бирок бир дагы жолу грант ала элекмин.

Иса Омуракунов: Биздин негизги максатыбыз – аялды кризисттик психологиялык абалдан чыгаруу, анткени аларга дароо иштеп баштоо оор болот. Биз аларга алгачкы күндөрү кантип жан багам деп ойлонбоосу  үчүн тынчтыкты камсыз кылганга аракет кылабыз. Аял өзүн жакшы сезип баштаганда биз анын эмне кылганды билет экендигин, кандай жөндөмдүүлүктөрү бар экендигин билгенге аракет кылабыз. Балким ал тигүүчү же санитарка болуп иштеген. Эгер анын чоңураак балдары бар болсо, балдарын кичинекей балдары бар мамаларга таштаса болот. Үйдө калган мамалар бала багып, тамак жасап, кир жуушат.

Таалайкуль Арзыматова: Мен биринчи билимим боюнча акушермин, экинчи билимим психолог, ошондуктан балдар жана энелер менен иштейм. Бизге балдары менен аялдар келгендиктен, биздин негизги максатыбыз — үй- бүлөөнү сактап калуу, биз бала жана энени ажыратпоого аракет кылабыз. Акыркы үч- төрт жылда зордук зомбулук көргөн балдардын саны көбөйдү.

Көп учурда күйөөсү таштап кеткен аялдардын, боюнда болуп калып ата- энесинен алыстап, баласын таштоону чечкен  жаш кыздардын, студенттердин көйгөйлөрү менен кезигүүгө туура келет. Бул аялдын жашоосундагы эң оор учур, ал учурда алар моралдык жактан чарчашат. Ошондой эле, бир канча жолу турмушка чыккан аялдар менен дагы иштейбиз, бул учурда мурдагы турмушундагы балдары кыйналат. Ийгиликтүү эмес турмуш куруу учурлары дагы көп, күйөөсү ичип, сабайт. Бул абдан көп кездешкен көрүнүш.

Айсулуу – Эки баласы менен жакында эле Борборго келген аял. Респонденттин каалоосу менен аты өзгөртүлдү.

Мен күйөөмдөн кетип калдым. Ал мени сабачу. Мен Таластан болом. Борбор жөнүндө мага Токмоктогу бир орус аял айткан. Мен өлкөдөгү бардык кризисттик борборлорду кыдырып чыктым: «Сезим», «SOS балдар айылы» жана башкалар. Бардык жерде жакшы болчу, бирок ал борборлордо жашоо мөөнөтүү чектелген, бул жерде андай эмес. Бул жакта кууп чыгышпайт. Мен бул жакта эки балам менен жашайм. Күйөөм азырынча мени издебей эле, мен ажырашууга документтерди тапшыргам.

Ал менин каякта экенимди билбейт, билбей эле койсун. Аны менен көрүшүүнү каалабайм. Мага анын эмне кереги бар? Балдар кыйналышат, ал болсо аларды сабайт жана психологиялык басым кылат. Анан балдар коркуп, коркок болуп калышат. Борбордо бизге жакшы мамиле кылышат, ээлери ата- энебиз сыяктуу. Борборго келгенде алар мени угушту, мен аларга абалым жөнүндө айтып бердим дароо кабыл алышты. Бул жакта үй жыйнайм, тамак жасайм. Кээбирөө балдарды карашат. Бул жакта бутума туруп, үй алгыча жашайм.

Күйөөмдүн туугандары жардам беришчү эмес, кайсы бирин айтайын….Балдар катуу ооруп калганда дарыга 200 сом карызга бербей коюшкан. Мен милицияга кайрылгам, арыз дагы жазгам, бирок байкем уят деп арызымды кайтарып алгам. Мен ал жактан баары бир кетип калдым. Аллахга шүгүр учурда бул Борбордомун.

Кум менен бөлмө

Иса Омуракунов: Бизди мамлекет дагы билет, жарандар дагы бизди таап келишет. Мисалы, жакында Оштон бир кыз чалып, анын эжеси дордой жакта балдары менен жалгыз жашагандыгын, күйөөсү таштап кеткендигин айтты. Аял жумушка кеткенде балдары көчөдөн тамак жейт экен. Биз балдар неврологиялык оорулар, туберкулез жана ЖИКС (СПИД) оорулары менен оорубай тургандыгын билүү үчүн, медициналык текшерүүдөн өтүүсүн сурандык, Балдардын эмдөөдөн өткөндүгүн билүү үчүн медкарта сурадык. Бизде борбордо жаңы төрөлгөн балдар бар, ошондуктан эч ким эч кимге жугузбасын дедик. Бул Борборго кирүү үчүн жалгыз шарт.

Биз медициналык текшерүү жөнүндө айткандан кийин алар жоголуп кетишти. Алардын мед текшерүүдөн өтүүгө дагы мүмкүнчүлүгү жок экен. Биз алардын үйүнө келгенде, таң калдык. Ал абдан кичинекей бөлмө экен, полу жок ордуна кум. Мамасы талаада иштеп, кээде акча таап, кээде таппай калат экен. Биз балдарды алып кеттик (бала жана кыз). Мамасын калтырдык, ал акча табууну каалады.

Аларга Борбордо жакты. Жакында эле бир кыздын туулган күнү болду. Жанагы дордойдогу кыз, жети жашка чыкты. Туулган күн эсине жакшы жана жарык күндөрдү кааладык, жашоодо оор күндөрдү көрбөсүн деп тилек кылдык, анткени жашоосунда көп оор күндөрдү көрдү, нан жок үшүгөндөрү эсинде калыптыр.

Биздин күндөрдө тамак ашты ыргыткан канча үй- бүлөө бар, а өзүнө бир кесим нан таба албаган канча бала бар. 2009 – жылдан бери бизден 100 аял жана 150 бала өтүштү. Азыр бизде 30 га жакын бала жана 4 аял жашайт. Бизде ар кандай балдар бар, толук жетимдер, атасы же энеси барлар дагы бар.

17 – жаштагы боюнда бар өспүрүм кызды алып келишти. Ал качып кетти, милиция таап кайра алып келди. Кыздар өздөрү төрөп, бизге келген учурлары да болгон. Биз аларды карап андан кийин тааныштарына же туугандарына өткөрүп берчүбүз. Кичинекей балдар менен мындай окуялар боло элек. Бизде «социалдык жетим» балдар дагы бар, алардын ата- энелери бар, бирок акча табууга кетишкен.

Азыр эң кичинекей бала 4 жашта, эң чоңу 19 жашта. Төрөт үйүнөн дароо бул жакка келгендер дагы бар. Алардын бири азыр 6 жашта. Балдар мектепке барышат. Биз 18 жаштан кийин баланы жөн эле кет дебейбиз. Эгер ал окууну улантууну кааласа, биз ага жардам беребиз. Үй – бүлөө курууну каалагандар дагы бар. Биз колубуздан келген жардамды беребиз.

 Жетим  балдардын муктаждыктары

Таалайкуль Арзыматова: Ооба тоголок жетим балдар, жарым жетим же үй- бүлөөсү бар балдардан айырмаланып турушат. Анткени алардын жабыркаган жүрөктөрүнө ата- эне мээрими жетишпейт. Алар бизге келгенде көбүнчөсүнүн негизги максаты ата – эне мээримин алуу. Бирөө ооруп же бир нерсе болсо, алар башкача кайгырат, анткени алар жакындарын жоготуу сезимин билишет.

Башкалардан айырмаланып мындай балдар бизге көп таянышат. Башка балдар алардын мамалары иштеп, аларга келип тураарын  билишет. Жетим балдар ичиндеги арманын айтып, бизди көңүл бурдурууга аракет кылышат. Алар бизге соц жумушчулар аркылуу келишет. Биз аларга социалдык камкордук кылабыз, башкача айтканда убактылуу камкорчу катары алар үчүн жоопкерчиликтүүбүз.

Короодогу балдар аларды жетим  же балдар  үйүндө жашайт деп айтып коюшу мүмкүн. Мындай учурларда биздин балдарга оор. Биз аларды жетиммин деп айтпоого үйрөтөбүз, анткени алардын ата – энеси бизбиз. Чоңоюп калган балдар, башка балдарга, бизге эмес жашоо ушундай болуп калгандыгына таарынышат.

Азыр интернатта биздин беш кыз окуйт, алардын атасы каза болуп калган, ал эми апасын ата – эне укугунан ажыратышкан. Биз алардын убактылуу камкорчусубуз, ошондуктан алар  үчүн жоопкерчиликтүүбүз. Аларга ар бир дем алыш күндөрү барабыз, каникул учурунда үйгө алып кетебиз. Чет өлкөдө 15 киши бар, юридикалык жактан аларга дагы биз камкорчубуз.

Борбордо 7 эне жашайт: үчөө Бишкекте иштейт, бирөө чет өлкөдө, үчөө бул жерде. Кээбирөө биздин эмгекти баалап, бутуна турганда колунан келген жардамын беришет. Кээбир акча табууга кеткендер дагы жардам беришет.

Акча жөнөтө албаса дагы, бир жолудан электр энергиясын төлөшөт, көмүр сатып беришет же кийим  менен жардам беришет. Бирок материалдык жардамга болгон муктаждык бар. Негизинен азык –түлүккө муктаждык бар. Ошондой эле, Борбордогу ремонт биз каалагандай эмес: мүмкүнчүлүк болгондо аны ремонттоого аракет кылабыз, акырындык менен.

Борбордо балдар менен жыйырма төрт саат болобуз. Кечинде үйгө кетебиз, бирок жүрөгүбүз менен бул жакта калабыз. Кандайдыр бир көйгөйлөр чыкса, оюбуз жалаң эле Борбордо. Кээде бирөө ооруп калып, бизди чакырышат; биз ооруканага жеткизебиз. Биз ооруганда балдарыбыз жардам беришет.

Иса Омуракунов: Балдар мени ата, аялымды болсо апа дешет. Кээбир балдарым спортчу, тренировкага барышат.

Таалайкуль Арзыматова: Мектептен тышкары бизге мугалимдер ыктыярчы катары  жардам беришет. Бизге психологиялык жактан жаракат алган балдар келгендиктен алар мектеп программасынан артта калышат. Мугалимдер аларды кошумча окутушат жана ар түрдү оюндарды өткөрүшөт. Негизги сабак- математика. Жумасына 3 жолу адабиятан, орус тилинен, кыргыз тилинен жана англис тилинен сабак беришет. Кээбир балдарды спорттук секцияларга, күрөшкө жана ыр кружокторуна беребиз.

Адам башкаларды бактылуу кылганда бактылуу

Иса Омуракунов: Биз дайыма баары менен байланыштабыз. Бизден кеткендер кээде туугандары менен конокко келишет. Борбордон келинди алып кетүү “кыз узатуу” дагы болгон. Келин бул жакта өзүнүн 3 жашар кызы менен жашачу. Экинчи жолу турмушка чыккан. Учурда эки бала төрөгөн, дагы деле байланыштабыз. Биринчи жылы алар кызы жок жашашты, ал бизде жашады. Биз жаш жубайлар өзүнчө жашап, бир бирине көнүп алсын дегенбиз, анан кызын алып кетишти.

Менден кайрымдуулук ишин кантип баштоо керек деп сурашат, көп акча табуу керек да деп айтышат. Менин оюмча, көп акчанын деле кереги жок бул бизнес эмес да. Кыргызстанда жакшы жашаган адамдар көп, эгер кеп акчада болсо, жетим балдар калбайт болчу. Бул жакта акча үчүн эмес, жүрөгүн менен иштейсин.

Таалайкуль Арзыматова: Бийликтин өкүлдөрү биздин эмгекти баалабай койгон учурлар болот. Биз алардан эч нерсе деле күтпөйбүз, бирок кыргыздар айткандай: «Жакшы сөз жан эргитет».  Кээде жакшы иш кылып жатканыбызды уккубуз келет, алар болсо Борбордун кемчиликтерин айтышат, капа болосун. Бирок биздин Борбордогу аялдардын жашоосу оңолуп, үй- бүлөөсү менен элдешип, балдар ата- энесин тапканда же Борбордогу балдар сүйүнүп, дарыгер,  милиционер же атама окшоп соц жумушчу болобуз деген сөздөрдү укканда бардык кыйынчылыктарды унутасын.

Биз жыйынтыктарды көрүп жатабыз. 10 жыл ичинде бизге кайрылган аялдардын 60-70% үй- бүлөөлөрү менен элдешип, кээбирөө ийгиликтүү турмушка чыгып бактылуу жашап жатышат. Биз алар үчүн кубанычтабыз. Адам башкаларды бактылуу кылганда бактылуу. Менин оюмча биз аларды бактылуу кылсак өзүбүз дагы бактылуу болобуз.

 

Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу»  долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс  материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын  көз карашын чагылдырбайт.

Материалдын үстүнөн иштөө:

Интервью жана текст: Диана Ухина и Диана Рахманова
Фото: Илья Каримджанов
Видео: Алмаз Исаков 

Аудио: Джошик Мурзахметов
Корректор: Елена Бослер-Гусева


 “Волкерстори” редакциясы материалды даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн окуянын каармандары Таалайкуль Арзыматовага жана Иса Өмүракуновго, кризисттик борбордун бардык жашоочуларына, freelance.kg сервисинин котормочуларына жана Кыргызстандагы Интерньюска ыраазычылык билдирет.