ЖАҢЫЛ БАИШЕВА: Биз биригип, элдик кол өнөрчүлөр борборун ачтык

Бөкөнбаев айылы, Ысык – көл обулусу

Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан  жүргүзүлөт.

Советтер Союзу кулагандан кийин биз аялдар менен ар кайсы жерлерде иштедик. 1995- жылы Ысык – Көл облусунун Бөкөнбаев айылына Динара Чочунбаева (Эл аралык Оймо фестивалынын директору) келди, ал кол өнөрчүлүк жөнүндө айтып берип, кийизден кандай буюмдарды жасаса болот экендигин жана аларды сатууга мүмкүн экенин айтып берди. Биз бир канча аял биригип, колубузда эмне болсо ошондон салттык буюмдарды жасай баштадык. 1999 – жылы биз «Алтын Оймок» Коомдук фондун каттоодон өткөрдүк, бирок 1996 – жылы эле иштеп баштаганбыз.

Биз Борбордук Азиядагы кол өнөрчүлүктү колдогон Ассоциациянын семинарларына катышып жүрдүк.

Биринчи жолу Алматыдагы көргөзмөгө катышып калдык, ал жакта башка кол өнөрчүлөр, чет элдиктерди менен тааныштык, алар бизге кандай буюмдарды, кандай көлөмдө жана түстө сатып алгысы келгендигин айтышты. Келгенден кийин, биз башка түстөгү, башкача буюмдарды жасап баштадык, бирок өзүбүздүн кыргыз орнаментин сактап калдык.  Биз билген жөндөмдүүлүктөрдү бизге биздин чоң апалар жана апалар өткөрүп беришкен.

Биздин топто үйгө жана кызга сеп даярдап жүргөн аялдар бар болчу. Алар иш учурунда кантип жүн менен сапатуу иштөө керек, аны кантип туура колдонуу керек жана жүндү кантип тазалоо керектигин үйрөтүштү. Мисалы, жипти түймө түйүү үчүн өзүнчө жана кийизге өзүнчө бөлүштүрөт. Алгач биз чарбада колдонгон жүндү колдонуп жүрдүк, кийин сатып алып баштадык. Семинарлардын жардамы менен биз гранттык долбоорлорду жазганды үйрөндүк; жумушубузга керектүү — чийки зат, сапаттуу жүн ала алдык.

Борборду ачуу

Учурда биз иштеп жаткан имарат жарым жартылай ураган болчу. Биз аны калыбына келтирүүгө жана кароого жоопкерчилик алганбыз, ошондуктан аны ээси бизге колдонууга берген. Алар учурда Оруссияда жашашат.

1999- жылы биз элдик кол өнөрчүлөрдүн «Алтын Оймок»  Коомдук фондун каттоодон өткөрдүк. Ошондон бери бул аталыш биз менен жашап, баарына айтууга оңой болуп калды.

Негизинен бизде аялдар иштешет. Жалпы борбордо 39 киши, бирок азыр баары иштебей эле. Кээбирөө улгайып калышкан, бирок  көп стажы жана баа жеткис тажрыйбасы бар, аларды жаштарга өткөрүп берүүнү улантууда. Мен өзүм тренер жана консультант болдум.

Ар күнү бештен киши иштешет. Көбү балдары менен келишет. Айлык акы 5000 сомдон 7000 сомго чейин. Үйдө отуруп иштегендер иштегенине жараша алышат. Бул пенсиядагы көпчүлүккө жардам. Пенсия 2000 сомдун тегерегинде. 5000 сом алгандар да бар, бирок ал деле баары бир жетпейт.

Суук мезгилде мен аялдарга иштебей эле коюну сунуштагам, бирок алар сунушту кабыл алган жок. Эгер Борбордо иштебей калса, светке, көмүргө жана балдарды багууга акча таба албай калаарын айтышкан. Аларга жумуш керектигин айтышат.

Нурзат Турусбекова, 27 жашта

Мен жакын жерде жашайм, ошондуктан Борбор жөнүндө билчүмүн. Келип, иштеп көрүп, буюмдарды тигүүнү үйрөндүм анан калып калдым. Бир жумага жакын окудум, сувенирлерди жасоодон баштагам, анткени баарынан дагы ушул иш жагат. Бала кезимден чоң апам мага шырдак тиккенди үйрөткөн.

Борбордо иштөө менин негизги киреше булагым. Жашоого жетет. Борбордо абдан ыңгайлуу, мисалы балам ооруп калса аны таштаганга жер жок, бул жакка ала келсем болот. Балам жанымда отуруп, ойной берет. Кышында элдер азыраак, негизинен көбү жайында иштешет, анткени эс алуучулар көп келишет. Кийизден бут кийим жасоо үчүн 2 саат убакыт кетет.

Кундуз Карымшакова, 56 жашта

Борбордо башкы менеджер жана специалист катары  иштечүмүн. Аялдарды кол өнөрчүлүккө  үйрөтчүмүн. Ушул Борбордон, пенсияга чыктым деп айта алам.

Москвадан келээри менен бул жакка чуркайм, анткени жаштык кезимдин баары, жашоомдун баары ушул дубалдарда өткөн. Бул жерде менин сүйүктүү мекеним. Канча адамдарды окуттум…Негизинен мен сувенирлер менен алектенчүмүн. Шырдактар менен иштөөгө аз эле киришчүмүн. Азыр бул жактагы кыздарга жакшы, анткени кайчы, материал баардыгы бар. А биз нөлдөн баштаганбыз. Бул оңой жумуш эмес, анткени баары кол менен жасалат.

Мурда Ленин колхозу бар болчу, мен өзүм ал жакка барып, жүндөрдү сатып келчүмүн. Өзүм тазалап, борборго алып келчүмүн. Кайсы өлкөгө кайсы түс керек экендигин билем. Сары жана ак түстү жакшы көрбөгөн өлкөлөр бар…Мен жапондорго сары жана көк түс жагаарын билем. Көп эс алуучулар жука буюмдарды жакшы көрүшөт, анткени ашыкча салмак алып кетүүдөн  коркушат. Жука буюмдарды ороп салуу оңой. Бул стандарт.

Эсимде, Канададан тапшырык алганбыз. Мен ашыкча салмак болбошу үчүн ар бир сувенирди таразага тартып чыккам. Ичинде чоң таңгактар бар болчу, жүз грамм ашып кетсе, кайрадан чыгарууга туура келген. Буюмду кылдаттык менен түшүнүү керек, кайсы узор. Буюмдун көлөмүнө жараша узор тандоо керек, анткени ал буюмду толуктап туруусу керек. Ошондуктан кээбир узорлорду биз өзүбүз жасайбыз.

Борбордогу аялдар киреше гана албастан, жүн менен иштөө жана тигүү боюнча салттык билимдерди алышат. Азыр биздин туура иштерди кылганбызды түшүнүп жатам. Ооба оор болгон, бирок биз кол өнөрчүлүк  Борбору аркылуу унутулуп, колдонулбай калган нерселерди сактап калдык.

Мисалы бул курактар. Биз көп убакыт чыдамдуу түрдө мозаиканы чогулта алган аялдарды издедик. Бул аял азыр 76 жашта. Ал башка айылда жашайт. Бирок бардык жаздыктардын бет тарабын ал даярдайт. Калганын бул жактан биз чогултабыз. Бир дагы жаздык бири бирине окшош эмес. Баары уникалдуу. Ал үчүн бул пенсиядагы кошумча киреше.

Кээбир аялдар үчүн бул жер абдан жагымдуу, алар сүйлөшүүлөрдөн ырахат алышат. Борбордун группасына кошулуу оңой. Көптөр жөн гана үйрөнүү үчүн келишет, алар жетиштүү жашоодо жашашат. Мүчөлүк акы дагы бар, ал чай ичүүгө жана туулган күндөргө жумшалат.

Көңүл үчүн күрөш

Өзүбүздүн балдар дагы  пенсияга чыкканда үйдө отуруш керек деген түшүнүк менен жашайт. Бирок 50- 60 жашта жумуштан дагы, жашоо маселелеринен дагы тажрыйба топтолот. Мисалы азыр түймө түйгөнү билгендерди жолуктуруу өтө кыйын, а бизде андай көл өнөрчүлөр бар.

Мен улгайып калган аялдарга көңүл бурулуусун каалайм, анткени аларга моралдык колдоо керек. Алар бул жакка келгенде, өзүнүн маанилүүлүгүн сезишет. Балдарында дагы өз ата- энеси жөнүндө башка ой пикир калыптанат.

Ар кандай кыйынчылыктар болот. Биз окуткан кээбир аялдар ар кандай себептер менен Оруссияга кетип калышы мүмкүн. Биз кайрадан окутабыз. Келип кеткендер абдан көп. Учурда жаштардын дагы кызыгуусу жок… Аларды кантип кызыктыруу керек? Мен аларга мотивация  берүү үчүн, алар жасаган товарларды сатууга аракет кылам.

Биз жергиликтүү бийлик менен кызматташабыз. Алар бизге семинар уюштурууга жардам катарында өткөрүүчү жер беришкен. Ошондой эле, алар кээбир биздин аялдарга жер алуу үчүн керектүү документтерди жыйноодо жардам беришкен.

ЮНЕСКОнун сапат белгиси

Биздин апалар шырдактар 30-40 жыл колдонулчу деп айтышчу. Чын эле ушундай болчу. Аларды коркпой туруп тебелеп жүрчүбүз, балдар ойночу. Акыркы күндөрү сапаты начар шырдактарды чыгара башташты. Биз мунун үстүндө көп иштедик жана 2014- жылы ЮНЕСКОнун сапат белгисин алдык. Биз сапат үчүн!

Мурда шырдактарды үйдө бир канча жыл жасашчу. Бир жылы жүндү даярдашчу, андан кийин кийиз  жасашчу, андан кийинки жылы четтерин боешчу. Орнаментерди биз өзүбүз көргөн нерселерден – гүлдөр, тоолор, жаныбарлар, жайлоо, көлдөрдөн алабыз. Биз көп сандагы буюмдарды чыгара албайбыз. Бир айда эки же үч шырдак тигебиз, бирок абдан  сапатуу.

Мына бул биздин шырдактар. Биринчи жүндү кургатабыз, анан аны айлантабыз. Анан баарын түздөп, көлөмүн жана режимин аныктайбыз. Бир аял кооздоп тигет. Бул биздин салттык! Жүндү жакшылап тазалап, кыска кылып кесүү керек. Ал жакшылап айлануусу үчүн, аны кагуу керек. Ошентип бир шырдакты жасоого жети аял катышат.

Жүндү биз  жергиликтүү чарба ээлеринен алабыз. Азыр бизде алар сапатуу эмес. Отто жерлеринин сапатын көзөмөлгө салган атайын мамлекеттик мекеме жок. Малдар жайы кышы дебе бир эле жерде оттошот. Менин оюмча вакцинация дагы жүндүн сапатына таасир берет.

Малдын породалары аралышып баштады, ошого жүн катуу болуп баратат. Тандоодон кийин 30% гана жарактуу болуп, калганы калдык болуп калат. Жүн алып келгендер көп, биз өзүбүз кармап көрүп анан тандап алабыз. Мисалы бир жылы бир эле чарба ээсинен алып жүрдүк, жаман жүн келип атты. Мен ал жүндү тазалап, бөлүштүрүп бүткүчө…Азыр мен аны менен иштегим келбей калды. Бизде баардыгы ишеним жана чынчылдык менен түзүлөт.

Эл аралык кызматташтык

Сапат белгисин алгандан кийин биз былтыр жана мурдагы жылы (2016- 2017 жылдары)  Нью- Мехикодогу көргөзмөгө катыша алдык. Ошондой эле шырдактарыбызды Швецияга жөнөттүк. Биз тапшырыкка Америкага шырдактарды жасайбыз. Нью- Йорктон бир аял келип көргөн, ага биздин буюмдар жаккан. Биз аны менен бир канча жылдан бери иштешип атабыз, анын Нью- Йоркто галереясы бар.

Июнь айынан октябрь айына чейин биз буюмдарды Бөкөнбаевдин борборунда сата алабыз. Көбүнчө эс алуучулар келишет, жергиликтүү эл дагы бизди жакшы таанышат. Көбүнчө тургундардын балдары чет өлкөдө окушат, аларга белек катары алышат.

Бизге Нью- Йорктон балатыга юбка жасоо тапшырыгы келди. Биз эки башка дизайн жана үлгү иштеп чыктык. Бардык тапшырыктарды Бишкек шаарына жөнөтөбүз, ал жактан тапшырык бергендер керектүү жерлерге жөнөтүшөт.

Швецияга боз үй жөнөткөнүм эсимде, алар азыр абдан популярдуу. Швецияда көргөзмө болгон, ал жакта биздин боз үйдү кыргыздардын жашоосу жана көл өнөрчүлүгү тууралуу айтып берүү үчүн коюшкан. Эгер биз сувенирлер көп болгон көргөзмөгө катышып калсак, мен көп сата албай калам, анткени баардыгында биздин борбордун сувернирлеринин артыкчылыктары жөнүндө маалыматты угуу үчүн убакыт жок. Бирок биздин борбор жана буюмдар тууралуу билгендер, баары бир бизден алышат.

Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу»  долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс  материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын  көз карашын чагылдырбайт.

Материалдын үстүнөн иштөө:

Интервью жана текст: Диана Ухина и Диана Рахманова
Фото: Илья Каримджанов
Видео: Алмаз Исаков 

Аудио: Джошик Мурзахметов
Корректор: Елена Бослер-Гусева

“Волкерстори” редакциясы материалды даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн Жаңыл Баишевага, Нурзат Турусбековага, Жаным Бүбү Байбосуновага, Майрамкуль Акуновага, Кундуз Карымшаковага, ошондой эле “ Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институтуна”  (ИСУР) жана Кыргызстандагы Интерньюска ыраазычылык билдирет.