КУВАН ИМАНАЛИЕВ: Биз окуучулар менен Ысык-Көлдүн алдындагы шаардын музейин ачтык

Сары – Булуң айылы, Ысык – Көл облусу

Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт

Мен Сары- Булуң айлынын орто мектебинде тарыхтан сабак берем. 90- жылдары суу астында калган шаарлар жөнүндө изилдей баштадым. 1999- жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык – Көл  Мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырдым. 2004- жылы бүтүрүп, аспирантурадан баш тарттым. Сары- Булуң айылына келип, мектеп окуучулары менен көлдүн алдынан калдыктарды издеп баштадым. 2018- жылы мектептин алдында музей ачтык.

Качандыр бир убакта Ысык- Көлдүн алдында Сары- Булуң айылына жакын жерде Усеней мамлекети жайгашкан, бул жакта анын борбору Чигу шаары болгон, ал кыргыз тилинде «чыгуу», кытай тилинде – «өрөөн» дегенди билдирет.

Бир жылдары бул жакка аскердик аэродром курууну пландап жатышкан. Бирок куруу иштери башталганда топурак жок, кум эле бар экендиги аныкталган. Ошондон улам куруу иштери токтотулган.

1986 — жылдан 1987- жылга чейин бардык Советтер Союзунан археологдор Ысык- Көл алдындагы шаар боюнча иштерди жүргүзүшкөн. 1999 –жылы мен суу алдындагы шаарлар боюнча археологиялык иштерди жүргүзүп,  табылган керамикаларды Сары- Булуң айылынын мектебине чогултуп баштадым.

Биздин айыл 1932 – жылы түзүлгөн. Мектеп 1968 – жылы курулган, айылдын балдары азыркы учурга чейин ошол мектепте окушат. Биздин Сары- Булуңда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери да болгон- алар биздин сыймыгыбыз. Башында ал Сары – Булуң орто мектеби болгон. Кийин ага Тагаев Шаршенкул Тагаевичтин ысымын ыйгарышкан. Ал мугалим болгон, эмгек жана кыргыз тили сабактарын берген, ыр жазган.

Көлдүн алдынан биздин заманга чейинки II- кылымындагы усундардын учуруна таандык, чоподон жасалган казандар табылган.

Ар жылы каникулдарда биз окуучулар менен экспедицияларды уюштурабыз. Бул сүрөттөрдө Ысык- көлдү байырлаган куштар. Биз окуучулар менен келгин куштарга байкоо жүргүзгөнбүз. Ар жылы окуучулар байкоо жүргүзүүчү секиге чыгып, Ысык – көлдүн жээгинде кандай куштар бар экендигин карап турушат.

90 – жылдары Сары- Булуң айылына ар жылы постсоветтик өлкөлөрдөн, жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн, Америкадан, Англиядан, Германиядан жана Польшадан келишчү. Бул жак куштарды изилдөө үчүн жакшы жер. Ак куулар, каздар, фламинго, курнас жана башка куштардын көп түрлөрү бар, негизинен ак куулар гана калышат.

Музейди ачуу

Бизде «жаш тарыхчы» деген кружок бар. Биз ар бир класс менен көлдүн жээгинде археологиялык иштерди өткөрөбүз. Ар жылы табылган буюмдарды мектепте чогултуп жүрчүбүз, ошентип 2018- жылы окуучулар жана мектеп администрациясы менен биргеликте музей ачтык. Краеведдик жана этнографиялык музейди ачууга жардам көрсөткөнүдүгү үчүн «ИСУР» жана «Гармония +» фонддоруна терең ыраазычылык билдиребиз.

Райондук депутаттар музейдин имараттына жакшы ремонт жасаган жумушчуларга, жергиликтүү бюджеттен айлык бөлүп берүү чечимин чыгарышкан. Силер мурда көргөн эмессинер да, бул жакта эски контрамарка турчу, баарын алып, евроремонт жасашкан.

Музейдин ичиндеги кээбир нерселерди айылдаштар алып келишкен. Менде алынып келинген буюмдардын тизмеси бар. Бир нерсе алып келишкенде мен жазып турам. Керамика, таш, металл, коло; карапалардын колу, күнүмдүк турмушка колдонулган таштын сыныктары.

Китептер жана сүрөттөр аркылуу алардын убагын аныктайм. Негизинен Плоских китебинин жардамы менен иштейм, анткени аны менен Советтер Союзунун учурунда эле иштешчү азыр дагы иштешет. Алардын сүрөттөрү аркылуу табылган буюмдун кылымын жана учурун аныктайм.

Көлдөн табылган керамикалар, таштар, металлдан жасалган буюмдар суу, кум менен жабылган, ал эми талаадан табылгандар топурак менен.

Мурда чогулган экспонаттар ар кайсы жерде чачылган болчу, азыр баары жыйналган. Келечек үчүн менин жакшы пландарым бар – музейди жакшыртууну улантам.

 

Бул бейит үстүнө коюлган таш. Капталындагы жазууну көрдүңөрбү, бирок мен азыр аны окуй албайм. Биринчи катарда тургандар булгаарыны иштетүүчү  буюмдар, а калгандары арпа жана будайды майдалоочу куралдар.

Мындайды мен өзүм табам, жиптерди байлап, жашы чоң окуучулар менен жээке чыгарабыз. Плиткаларды алып чыкканга кесиптештер жардам берди.

Бул сок белек- жөнөкөй жабдык, ага данды салып, майдалашат. Бардык көчмөн элдерде мындайлар бар.

Бул заманбап технология менен данды майдалоочу курал, иштетилген. Кээбир жакшыртылыган турлөрү сунушталаган, калгандары жөн эле таштар. Эки тарабынан жип өткөзүлүп, атка бекитилет.

Бул казандын туткасы. Бул жакта эки башка түрү сунушталган: тешиктери менен тутка жана сабы жок тутка. Бул буюмдар биздин замандын экинчи кылымына таандык. Муну кол менен жасашкан, бул карапканада жасалган иш эмес. Азыркыга чейин казандын калдыктары сакталып калган, алардын күйгүзүлгөнү байкалат.

Бул 10-15 кишилик казандын кармагычы. Бул кол менен жасалган эмгек. Бул бычак жана кылыч үчүн курчуткуч, ошондой эле таштан жасалган курчуткуч. Данды майдалагыч 3 метр тереңдикте табылган.

 

Экспонаттардын жоголушу

Руникалык жазуулары бар чоң дан майдалагычты (таш) 1999 –жылы Бишкекке алып кетишкен, ошондон кийин анын изин жоготтум.

Дан майдалагычты суунун алдынан жаңы алып чыкканда, капталында 6 иероглиф гана бар болчу, химиялык иштетүүдөн кийин капталдарынан 6,12, жалпысынан 20 га жакын иероглифтерди табышкан.

Япониядан Татахира Судзуки аттуу өкүл келген, ал эки гана иероглифти чечмелеп берген – «жашоо дарагы» жана «атчан». Эки гана.

Булар руникалык жазуулар, божомол менен тибеттик болсо керек. Бул талаш жараткан маселе, изилдеп чыгуу керек болчу.

Башка буюмдарды 2016- жылы «Тарых жана маданият» жылындагы чогулуштардан уурдап кетишкен, ал кезде айнек жок болчу.

Кайык керек

Мына бул, мен 1999- жылы 24- майда тапкан алгачкы буюмдун бөлүгү. Ал кум менен биргеликте жылтырып турган. Ал карапа сыныктарынын калдыгы экен. Мен сууга кирип алып чыктым, тереңдиги 1 метрдей болчу. Ошондон кийин көптөгөн изилдөөр башталды.

Бул шкафта мен Ысык – Көлдүн алдынан табылган бардык асыл буюмдарды сактайм. Музей ачылганда экспонаттардын жарымын ал жакка жөнөткөм, буларды болсо айнек көтөрө албайт. Булар үчүн ыңгайлуу айнек жана имарат жок.

Мисалы бул 2011- жылы табылган карапалардын калдыктары. Мындайлар терең жерде болот, азыр мен ал жакка жете албайм. Эгерде бизде кайык болгондо биз окуучулар менен көптөгөн кызыктуу нерселерди табат элек. Кайыгы жок иштөө мен үчүн аба жоктой    .

Мен жакшы сүзөм, бирок көбүнчө ал жактарда терең жана жарлар көп. Көлдүн суусу мезгил- мезгил менен көтөрүлүп турганда издөө иштерин аткаруу кыйын. Бизде азыр жаңы аким келди. Ага кат жазып, кайык сурайын деп ойлоп атам.

Биз Ысык- Көлдүн сырларын ача элекпиз, кичине эле баштадык. Бул жакта көптөгөн сырлар бар.

 

 

Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу»  долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс  материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын  көз карашын чагылдырбайт.

Интервью жана текст: Диана Ухина и Диана Рахманова
Фото: Илья Каримджанов
Видео: Илья Каримджанов Аудио: Джошик Мурзахметов
Корректор: Елена Бослер-Гусева 


 “Волкерстори” редакциясы материалды даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн окуянын каарманы Куван Иманалиевге, Сары – Булуң айылынын мектебинин администрациясына жана жалпы коллективине,  мектептин окуучуларына: Эрлан Бердалиевге, Курманбек Акылбековго, Бегайым Тусунбековага, Эльвира Абдыкеримовага, Айхан Таалайбек кызына, ошондой эле “Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институтуна” (ИСУР)  жана Кыргызстандагы Интерньюска ыраазычылык билдирет.