ГУЛЬШАРА ОРОЗБАКОВА: Байкоо секисин орнотуу корукту сактап калууга кантип жардам берди

Сары- Булуң айылы, Ысык – Көл облусу

Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт

Мен Түп районунан болом. Өзүңөр билгендей ал жакта айыл көп. Бул аймак жайлоо, бардык жер жапайы бадалдарга толгон. Гүлдөп турган аймак, кургак жерге айланып бара жаткандыгын көрүп, менин ар дайым ичим ачышчу. Мен бала кезимден Кыргызстандын жапайы жаратылышын коргоого аракет кылам. Менин ишмердүүлүгүмдүн мисалы катары Ысык – Көл облусунун, Сары- Булуң айылына байкоочу секини орнотууну айтсак болот. Ал жергиликтүү элдерге корук аймагын калыбына келтирүүгө жана инвесторлордон жерди коргоп калууга жардам берди.   

2016- жылы бизде «Келечек бүгүн түзүлөт. Жаратылыш менен таттуу мамиле мектеби»  аталышындагы долбоор «Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институтунун» (ИСУР) колдоосу менен өткөрүлгөн. Долбоордун негизги максаты мектептердин жана жергиликтүү коомчулуктун биргелешкен аракетин, Сары- Булуңдагы биокультуралык ар түрдүүлүктү сактап калууга жумшоо. Ал мектеп окуучуларын этноэкологияга, этнокультурага жана кичи корукту түзүүгө үйрөтүү. Бул айылда жайыттар абдан артта калган, ал жакта көптөн бери башка  жайыттар болгон эмес. Жашоочулар малдарын жайлоого айдабай калышкан, ошондуктан абдан чоң деградация бар болгон.

Кичи коруктун мисалы аркылуу биз жергиликтүү жашоочуларга, мектеп окуучуларына айылга караштуу жайыттарды сактоо керектигин көрсөтүүнү каалайбыз. Биз анча чоң эмес жерди курчоого алдык, жарым жылда биз жердин калыбына келип,  чөптөр кайрадан өсүп баштагандыгын баарына көрсөттүк.

Мектептин кичи коругу түзүлдү. Алгач жергиликтүү коомчулук, айыл өкмөтү жана мугалимдер менен сүйлөштүк. Биз аларга кичи коруктун жана долбоордун маанилүүлүн түшүндүрдүк. Алар бизди колдошту жана жергиликтүү бийлик бизге Сары- Булуң айылынан 0,5 гектар жер бөлүп берди. Ошентип, биздин долбоордун жардамы менен кичи корук түзүлдү, анан биз байкоочу секини орноттук.

Корукту коргоо үчүн байкоочу секини орнотуу

Жалпысынан ал алты метрлик байкоочу секи. Орнотчу жерде ширетүү иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес болчу, ошондуктан секини алгач электр энергиясы бар мектептин жанынан чогулттук. Андан кийин айылдаштар болуп машинага жүктөп, орнотчу жерге алып бардык. Ооба, жүктөө иштери эмгекти жана күчтүү талап кылды… Анан трактордун жардамы менен көтөрүп, фундаментке орноттук.

 

Бул жер эмнеси менен уникалдуу? Бадалдардын жана келгин куштардын көп болуусу менен. Негизинен канатуулар жем жана уясы үчүн бул жакта кышташат. Келгин куштардын 50 дөй түрү бар, алардын 25 түргө жакыны бул жакта кышташат. Мына ушундай!

Бул жер байыркы Чигу шаары жайгашкандыгы менен дагы белгилүү. Бул факт окумуштуулар тарабынан далилденген. Үч миң жыл мурда бул жерде  металлдарды иштете алган  өнүккөн цивилизация болгон. Бул Кызыл өрөөндүн чоң шаары болгон, бул жактан батыш менен чыгышты байланыштырган Улуу Жибек жолу өткөн. Убакыттын өтүшү менен ал өзүнүн тарыхий эстеликтери менен суунун алдында калган.

Эсимде, мага айылдаштарым чалып, көлдүн жанында “кара архелогдор” иштеп жатышат деп айтышкан. Элдер алар баалуу буюмдарды, алып кетип жатышкандыгын айтып арызданышкан. Бул жөнүндө алар жергиликтүү бийликке дагы айтышкан. Мунун баарын алар байкоочу секиге чыгып көрүшчү.

Байкоочу секи айыл жашоочуларына жерди араб инвесторлорунан коргоп калууга жардам берди. Ал жакта салынып бүтө элек “Мурас” Шумкар борбору бар. Азыр ал каралбай калган. Башында инвесторлор аны салуу үчүн көп жерди алууну каалашкан. Ошондой эле, аны  тосуп жергиликтүү элдерге кирүү мүмкүнчүлүгүн жабууну пландап жатышкан. Элдер көл тарапка өтө албай, малдарын жая албай калышмак. Байкоочу секини орноткондон кийин, элдер куруу иштерин көзөмөлдөп, инвесторлордун куруу иштерин токтотуусун талап кылышкан. Биз элдерге корук аймагы – алардын баалуулугу экендигин жана аны коргоо керек экендигин жеткизүүнү каалаганбыз. Азыр элдер түшүнүп калышты.

Эс алуучуларга муктаждык

Долбоорго чейин корук аймагынын жол көрсөткүчү жок болчу, ал жөнүндө эч кандай маалымат болгон эмес. Эми биз кыргыз жана орус тилдеринде жол көрсөткүч басып чыгардык. Менин оюмча, бул эс алуучулардын биздин кызыктуу жер жөнүндө маалымат алуусуна жана көрүп кетүүсүнө жардам берет. Анткени эс алуучуларга Чигу шаарынын тарыхы кызыктуу.

Былтыркы жылга чейин Сары- Булуң айылында таза суу такыр жок болчу, мындайча айтканда, ичүүчү суу электр энергиясы аркылуу келчү. Бул электрозабор деп аталат. Суу күнүнө эки саат гана берилчү. 2017-жылы бирөөнүн жардамы менен артезиан суусу бериле баштады, ал айылда бар, ал менен малдарды дагы сугарууга болот. Кээде элдер дагы аны колдонушат. Жашоочулар эч кандай инфекциялык оорулар болбогондугун айтышты.

Жаратылышты сактап калуу үчүн бир нерсе кылгым келет

Мен «Гармония +»  Коомдук уюмунда иштейм, ал негизинен КИТВ – инфекциясы тармагында адистешкен. Азыр мен жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн ага туунду уюмду ачууну пландап жатам, анын атын “Жаратылыш менен гармонияда” же “Гармониялав” деп атайм. Мен 63 жаштамын. Мен жаш кезде кандай болгон?! Прежевальск (Каракол) кандай болгон….Мен ал жакта окуп, жашагам, мен окуу үчүн Бишкек шаарына 7 жылга гана  кеткем. 2018 – жылы менин Караколдо иштегениме кырк жыл болду.

Кандай жашыл шаар болчу, баары кандай сонун болгон! Биздин Каракол капчыгайында чын эле жапайы жаратылыш болгон, биз ага  өтө аяр мамиле кылчубуз. Бала кезимде дагы төшөк салып отургузчу эмес экенмин, анткени көп гүлдөр бар болчу. Мен төрөлгөн жерде дагы бир карасан баары кызыл, бир карасан баары кызгылт көк. Азыр анын баардыгы жок….мурдагы кооздук жок…

Жакында эле Каракол капчыгайына барып келдим… Ал жакта абал абдан жаман! Бүт  жерде кымыз менен даарылоо, жылкылар! Кандай варвардык мамиле! Мурда толтура жоогазындар бар болчу. Мен ал Колпаковскийдин жоогазындары экендигин кийин билдим. Азыр алар жок. Баары бар болчу, баары бар болчу…Мен аябай капамын! Жаратылышты сактоо үчүн бир нерсе кылгым келет.

Жалгыз дарак токой болобу?

Албетте, жалгыз менден аз гана нерсе көз каранды. Коомчулуктун колдоосу керек. Сары- булуңдуктар азыр даяр эмес, быша элек. Цивилизациядан алыс, четтеги кичинекей айыл. Биз биринчи жолу фестиваль, иш чара өткөргөндө, алар аябай тартынышкан, мен абдан аракет кылгам, бирок алар абдан уялып, өзүн тааныштырып, өзү жөнүндө айтып бере албай коюшкан. Алар айтып бере алган эмес!

Мен губернатордун жардамчысын, мэриянын жана райондордун өкүлдөрүн чакыргам, бирок алар дагы тартынчаактык кылышты. Кээбирөө келбей да коюшту, кимге керек эле. Бардык үмүт мектеп окуучулары, жаштарда, а аларга азыр эч нерсе кереги жок. Менин неберелерим чоң, аларга интернет, вай- фай жана смартфондон башка эч нерсе кереги жок. Мектеп окуучуларын окутуп жатып, аларга жаратылышты коргоо үчүн алар бир нерсе кылуусу керек экендигин айтам. Эгер бир нерселерди кылышса, ал дагы плюс.

Азыр Сары- Булуңдагы жергиликтүү мектептин алдында коомдук фонд түзүлгөн. Алар өз алдынча долбоорлорду ишке ашыра алышат. Алар долбоорлордун максатын, милдеттерин жана иш чараларын өздөрү аныктап, аны өздөрү ишке ашырса,  алардын кызыгуусу артат. Бул жакшы жемиштерди алып келип, өз өрөөнүмдүн жаратылышын сактап калууга жардам берет деп ишенем!

 

Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу»  долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс  материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын  көз карашын чагылдырбайт.

Материалдын үстүнөн иштөө:

Интервью жана текст: Диана Рахманова
Фото: Илья Каримджанов 
Видео: “Коркыт” фондунун укук  алуу менен берилди.
Корректор: Елена Бослер-Гусева

 “Волкерстори” редакциясы материалды даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн  окуянын каарманы Гульшара Орозбековага, “Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институту”  (ИСУР) Коомдук фондуна, Кыргызстандагы Интерньюска, ошондой эле, Сары- булүң аймагында Казакстан Республикасынын биринчи Президентинин – Елбасынын жеке фондунун колдоосу менен тартылып жаткан “Улуу Жибек жолу өткөндүн мифи жана келечектин жаркыны”  кино тасмасынын видео үзүндүнү пайдаланууга уруксаат бергендиги үчүн “Коркыт” Коомдук фондуна ыраазычылык билдирет.