БОЛОТ КЕНЕНБАЕВ: Мен уникалдуу маданият борборун түздүм

Корумду айылы, Ысык – Көл облусу

Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт.

Мен 20 жыл элден артта калып, эч нерсеси жок жашадым, идея жөнүндө ойлонуп гана жүрдүм. Уялбастан айтам, айылдагы эң кедей адам мен болчумун. Эсимде үй – бүлөмдү багуу үчүн кошуналардан бир килограмм ун сурагам. Бир күнү аялым ыйлап жиберип, мындай деген: «Эх, Болот, жашоо өтүп жатат, биз ушинтип жүрүп өтөбүзбү?». Мен болсо, жогорку материялар жөнүндө ойлончумун, а үйдө бир кесим нан дагы жок болчу. Мен ичимдик ичип, тамеки тартчу эмесмин, дүйнөлүк маданияттар жөнүндө гана ойлончумун. 1991- жылы мен Корумду айылына «Ынтымак» аталышындагы уникалдуу борбор ачтым.

Карасаңар! Славяндар, алардын кийимдери, каада- салттары байыркы….алар көп жылдардан бери унутулбайт. Ошондо акылыңа суроо келет: “Анын автору ким болгон- Иван Иванович же Сергей Сергеевич? Аны эл өзү ойлоп тапкан. Эл! Калпак жана тажик улутун ким ойлоп тапкан? Авторун табыңызчы! Автору жокпу? Мына ушул баалуулук! Мен өзүмө суроолорду берип, аларга жооп берип жаттым, анткени бул суроолор көп жылдан бери актуалдуу.

1991- жылы 10 гектар жерди 49 жылга ижарага алдым. Башында ар бир гектарга ар башка мамлекеттин маданиятын сунуштоону каалагам. 1997 – жылдан баштап конокторду кабыл алып баштадым. Мен маданият обьектилерин жана уникалдуу шоу программаны камтыган комплекс түздүм. Эгер мен жөн гана ачык талаада экскурсияларды уюштуруп жүрсөм «Байкеге боорум ооруйт» дегенден башка сөз укпайт болчумун.

Маданият обьектилери

Комплекстердин бири бул — кайрымдуулук бурчу- дүйнөлүк маданиятты чагылдырган ак куу. Бул жөн гана ак куу эмес! Бул ар башка маданияттардын белгиси: славян, кыргыз жана башка. Бул жерде бүркүттү дагы көрүүгө болот. Бул дагы жөн бүркүт эмес, тооктун бутунда турган кичинекей үйгө окшош. Бирок чындыгында бул кичинекей үй эмес. Кыргыз макалында айтылат: «Биринчиден узак жашоочу болгула, ошондо сөзсүз түрдө алтын аяктан тамак ичип көрөсүңөр». Ошодуктан мен алтын аякты коюп койдум. Бул жакта бир канча маданияттар көрсөтүлөт. Бул алгач көргөндө сезилгендей, жөн гана буюмдардын түрлөрү эмес. Бардыгында чоң маани жана маңыз бар.

Европалыктар кайрымдуулук бурчун жасоону суранышкан. Кыргыздар акча берсе көрүндүк катары кабыл алынат, ал эми европалыктарда бул сыйлабастык. Буга чейин бул жөн эле таш болчу, бирок бул скульптураны өзүм жасадым, буга чейин скульптура менен алектенген эмесмин. Менин оюмча адамдарда каалоо жана кыялдар болушу керек. Кыялдары жок адамдын келечеги жок. Ал эмнеге аракет кылат? Кайрымдуулук бурчунан чогулган пайда музейдин иштөөсүн камсыз кылууга жумшалат. Бизде «индеецтердин кол салуусу» (жергиликтүү жашоочулар) көп эле болот, кээде алар бир нерселерди сындырып, этноборбордон буюмдарды алып да кетишет.

Дагы бир обьект бул – боз үй, ал орто кылымдардын стилинде кооздолгон. Сүйлөшүүлөрдү уюштуруу үчүн кичи ресторан жана ханга таажы кийгизүү процессин уюштуруу үчүн  шоу – ордо бар.

Ысык- көлдүн жээгине ондогон пансионаттар курулган, бирок ал жакта элдер жок. Мага үчүн бул талаага элдерди тартып келүү кандай кыйынга турду… Мен жөн гана башкалардан түп тамыры менен айырмаландым.

Экскурсия жана ханга таажы кийгизүү

Программаны түзүүдө ар бир мүнөт саналат; конокторду тосуу, отургузуу – бул 4-5 мүнөт. Ар бир сөз жазылган, баары протокол менен. Мен эмне үчүн мунун баарын салганымды айтып берүү учурунда, неандертал адам кирип келет, бул учурда тамак берилиши керек. Андан кийин борбордо экскурсия болот. Эс алуучуларга дүйнөлүк жазуулар тууралуу айтып берем. Борборго жерди даярдап жатканда, араб жазуулары бар көп таштарды тапкам.

Андан кийин мен конокторго картиналарды көрсөтөм жана ушул картина үчүн мага Рошфор мырза (граф Шарль-Сезар де Рошфор – франциялык авантюрист) өзү миллиард доллар сунуштаган, мен баш тарткам деп тамашалайм.

Кийин топтон лидер тандалып алынат жана биз ага хан катары таажы кийгизебиз. Андан кийин талкан берилет. Баары жакшы өтөт, баарына жагат. Анан ханды отургузуп, тронго барабыз. Кээде оор хандар туш келет… Хан отуруп топтун ичинен өзүнүн «оң колун» тандайт. Кийин калган адамдар дагы орун алышат, анан таякчалардагы эт тартылат.

Андан кийин мен өзүмдүн эски калпагымды жана аялымдын байпактарын көрсөтөм. Бир учурда аялым менин эски калпагым жана анын эски байпагы менен 10 жыл кедейликте жашап атканын айтып арызданган. Мен ошондо аялыма бир күнү ушул калпакты жана байпакты миллиондогон элдерге көрсөтөм деп сөз бергем, ал болсо андан көрө бир кап ун алып келсен боло деп капаланган. Карагылачы, мен сөзүмө турдум. Мен 30 000 кишиге менин эски калпагымды жана аялымдын эски байпагын көрсөттүм. Мен сөзүмө турдум, азыр аялым бактылуу.

Экскурсия учурунда «Обжорка» тамагы тартылат. Мен аны тойлордо кызмат адамдарын байкап отуруп ойлоп тапкам. Бул тамакты ичкенден кийин эс алуучулар, эч качан мынчалык көп эт жебегендигин айтышат. Мен болсо биз жөн гана даярданып жатабыз, тамак ичип бираздан кийин баштайбыз деп айтам. Эт кыргызча дагы тартылат, ар бир устукан- бул философия. Мен классикалык музыка ойнойм. Дүйнөлүк белгилүү чыгармалар жөнүндө айтам, Карамолдо Орозовдун чыгармалары тууралуу дагы айтып кетем. Бул учурда десерт берилет.

Шоу программанын жыйынтыгында биз коноктор менен сүйлөшүү столуна барабыз. Алар  идеялары жана таасирлери менен бөлүшүшөт. Анткени мен кандай нерсе ойлоп тапканымды билбейм. Коноктор көбүнчө абдан жакшы маанайда чыгышат, ыйлап жибергендер дагы болот. Славяндар келгени эсимде, алар мага ден- соолук каалап, мени көп жашасын деп  бата кылып тураарын айтып кетишкен. Ушундай сөздөргө таттыктуу болдум деп аябай кубангам.

Туризмде акча табуу гана маанилүү эмес, элдерге эс алуу мүмкүнчүлүгүн берүү манилүү. Илимпоздор адам жүз жыл жашайт, адамдын мээси уктаганда дагы тынымсыз иштеп турат. Кимде ким мээни 5 секундага эс алдыра алса ал көп жыл жашайт деген экен.

Дүйнөгө саякаттоонун жана жашоону убагы

Жалпсынан борборго 30 000 миңден ашык адам келип кетти. Экскурсия үчүн ар бир топто 20га жакын киши болот, кээде 15 дагы болот. Кээде 30 киши. Былтыркы жылы 1507 ханга таажы кийгиздик. Кыш мезгилинде комплекстин ичи суук, бирок каалоочулар көп. Негизинен коноктор чет элдиктер, бирок жергиликтүү жашоочулар дагы келишет. Борборго келип кеткендер, башкаларга дагы сунушташат.

Борборго ар кайсы өлкөлөрдөн адамдар келишет, ошондуктан дүйнө жүзүн кыдыргандай эле болдум. Жакында эле Белоруссиядан келишкен, француздарды да көргөм. Мен арабдарга эмне жагаарын жана немецтер менен кантип сүйлөшүүнү билем. Башка өлкөлөргө саякаттоого убакыт бар, бирок каражат жок. Ошондуктан чет элдиктер келүүсү үчүн Кыргызстанга шарттарды түзүү керек. Израиль, Индия жана Арабияга (БАЭ) барууну каалайм.

Балалык кезимде эмне үчүн адамдар радикалдашып кетет, дүйнөгө согуштун эмне кереги бар? деген суроолордун үстүндө көп ойлончумун. Калькулятор алыңызчы. Мисалы, сиз жүз жаштасыз. Андан бала бакчадагы 5 жылды, мектепте окуган 10 жылды, университетте окуган 10 жылды алып салыңыз, 20 жыл кетти. Андан кийин  жумуш, балдарды тарбиялоо. Силерге жеке жашоо үчүн 2 гана жыл калат. Эмне үчүн ал жылдарды бирөөлөрдү таарынтуу менен өткөрүшүбүз керек. Бул акылсыздык! Өлтүрүү, жардыруунун эмне кереги бар?!

 

 

Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу»  долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс  материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын  көз карашын чагылдырбайт.

Материалдын үстүнөн иштөө:

Интервью жана текст: Диана Рахманова
Фото: Илья Каримджанов
Видео: Илья Каримджанов
Корректор: Елена Бослер-Гусева


 “Волкерстори” редакциясы материалды даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн окуянын каарманы Болот Кененбаевге, Максатгуль Мамытовага, “Туруктуу өнүгүү стратегиясынын институту”  (ИСУР) Коомдук фондуна жана Кыргызстандагы Интерньюска ыраазычылык билдирет.