БИБИГУЛЬ БУПЕБАЕВА: Биз мал уурдоону түп орду менен жок кыла алдык

Липенка жана Кабак айылдары, Ысык- көл облусу

 Мындан аркы баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт.

 

 

Мен Кабак айылында жашайм. Ал Ысык- көл облусунун, Жети —  Өгүз району. «Айыл жашоосу» Коомдук бирикмесинин жетекчисимин, көптөгөн социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашырдык. Айыл жеринде мал магуу жана көбөйтүү – бул биздин бизнес. Айылдын көпчүлүгү мал багуу менен алектенет, ар кимдин жеке чарбасы бар. 2016- жылы жергиликтүү бюджеттин колдоосу менен мал уурдоо маселесин түп орду менен жок кыла алган долбоорду ишке ашырдык.

2016- жылы биз жумушчу топ менен биргеликте иштөө планын түздүк, жумушчу топтун курамына КПБдун (Коомдук Профилактикалык борбордун) баардык курамы, коомчулуктун лидерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана депутаттар кирип калышты. Биз изилдөө өткөрүп, биздин аймактагы 22 маанилүү көйгөйдү аныктап чыктык. Баардыгын чече албаган үчүн, тез убакыттын ичинде чечүү керек болгон маанилүү маселелерди гана тандап алдык. Алардын ичине аракечтик, мал уурдоо, үй- бүлөөдөгү зордук зомбулук жана мектептеги рэкет көйгөйлөрү кирди.

Аракечтик маселесин чечүү абдан масштабтуу эле, аны чечүү биздин колубуздан келбейт эле, анткени аны чечүү үчүн мамлекеттик программа керек.  Биз аракка көз каранды болуп, ичимдикти көп ичип, үй бүлөөсүнө тоскоолдук жараткан адамдар жашаган үй- бүлөөлөрдү аныктай алдык. Биз алар менен алдын алуу иштерин жүргүздүк.

Ал эми мал уурдоо маселесин биз камера орнотуу аркылуу чечтик. Баарыбыз мал уурдоо абдан көп экендигин жана анын күндөн күнгө өсүп жаткандыгын билчүбүз. Мал уурдоо аны бат эле сатып, акчалуу болууга мүмкүнчүлүк түзгөндүгү менен ыңгайлуу. Аны этке тапшырып салса, аяк башын таба албай каласын.

 Мал урдоонун санын азайтуу

Камералар жергиликтүү бюджеттин эсебинен орнотулат деген чечим кабыл алынды, ал кезде мен жергиликтүү кеңештин депутаты болчумун, биз бул идеяны колдоого алдык. Камералар ар бир  калк жашоочу аймактарга (Липенка, Конкино, Тилекмат, Ак-Кочкор, Светлая поляна жана башка), трассаларга коюлду, мындай жол менен кайсы машина мал менен өтүп жаткандыгын көзөмөлдөө жеңил болду. Жалпысынан алты- жети камера коюлду, алар жол кырсыктарын көзөмөлдөп, ким күнөөлү экендигин аныктоого дагы жардам берди.

Эмне үчүн ал райондорго? Анткени ал жакта курорт аймагы, абдан көп тоого — Жети- Өгүзгө эс алганы чыгышат. Камералардын жардамы менен 2016 – жылы  Жети- Өгүз району боюнча мал уурдоо көрсөткүчү нөлгө түштү. Камералардын жардамы менен милиция кылмыш тобун бат эле аныктап жатты.

Акыл, Липенка айылынын жашоочусу, мал чарбанын ээси

Биздин айылда мал ар бир үйдө бар: койлор, уйлар жана жылкылар. Ар бир үйдө саны ар кандай — эки жана андан көп баш. Менин уйларым жана койлорум бар. Кышында алар үйдө, ал эми  жайында тоодо багылат.

Ооба 2016 – жылдан баштап бизде мал уурдоо нөлгө түштү. Менин окуям ушул күндөрдө жалгыз окуя болду. Ал жакында болгон, 2018- жылдын октябрь айында, жумадан ишембиге караган түнү, менин бир жылдык торпогумду уурдап кетишти. Бул саат 12 ден өткөндөн кийин болду. Ал түнү баары адаттагыдай эле болчу, эч нерсени жапкан жокпуз: эшиктер деле ар дайым уурулуктан сактай албайт. Эртең менен турганда үй – бүлөөбүз менен, торпоктун жоголгонун түшүндүк. Анда белги жок эле. Аны сатып жиберсе болот болчу. Уурулардан из калыптыр. Мен милицияны чакырдым, ал баарын тартып алды жана 10 күндөн кийин менин торпогумду алып келип беришти. Уурулар үч киши экен.

Азыр трассалардагы кээбир камералар иштебей жатат, ал азыркыга чейин жүрүп жаткан иликтөөгөдлөргө жардам берет эле. Көп учурда уурдалган малды базарга алып барышат же союшат. Ар кандай болчу, айылдыктар коңшу айылдардан дагы уурдап келишчү. Адамдардын мындай кылганынын негизги себеби жумушсуздук, алар мал уурдоого аргазыдан барышат.

Эсимде, бир түндө 13 койду чыгарып кетишкен. Көп учурда дарбазалары, кашалары жакшы жабылбаган үйлөрдөн малдар уурдалат. Бул маселе боюнча биз жашоочулар менен ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, малдарды уурулардан кантип сактоо керектигин айтып бердик, бирок баары бир өз мүлкүнө тың чыга албаган адамдар бар.

Камералардын жардамы менен милиция кайсы машина өтүп кеткендигин көрүп, мал уурдоо менен алектенген кылмыш тобунун бетин ачкан. Кылмышкерлерди түрмөгө отургузуп, малды ээлерине кайтарып беришкен. Малды же акчаны кайтарып бергенде аябай сүйүнөсүн. Мал ээлери абдан ыраазы, анткени алар малдын эсебинен жашашат да.

Камералар мал уурдоо боюнча иликтөөлөрдүн тездетүүгө жакшы таасирин тйигизди. Ар бир жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмунун алдында жоопкерчиликтүү катчы бар, ал малды сатуу үчүн маалым кат жазып берет. Бул боюнча бизде мыйзам катуу, эгер маалым кат жок болсо, базарда дагы тиешелүү жазалар колдонулат. Базарда укук коргоо органдары кезектешип турушат. Эгер сен малыңды жоготсон же таанып калсан, малдын уурдалуусу тууралуу каалаган убакытта арыздансан болот.

Ошондой эле, жайлоого убактылуу көзөмөл бөлүмүн ачтык — ал толук түрдө жабдылган вагон; ал жай мезгилинде гана иштейт, сезон башталгандан – май айынан күзгө чейин.  Ал жерде жергиликтүү милиция иштейт. Алар бардык малдар айылга түшкүчө ошол жакта болушат. Ошондой эле, милиция малдын уурдалуусу боюнча арыздарды кабыл алып, алдын алуу иштерин жүргүзүп, тоодогу абалды көзөмөлдөйт.

Менин оюмча, өлкө боюнча камераларды коюу керек, ал элдерди жана жеке адамды тартипке салып турат. Элдер мыйзамга каршы иштерди кылбоо керектигин түшүнүшөт.

Мени коомдук коопсуздук жана мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча, биргелешкен пландарды жана иш чараларды иштеп чыгууга колдоо көрсөтүү үчүн “Жаштарды өнүктүрүү институту” чакырган. Мен Покровкадагы КПБдун (Коомдук Профилактикалык Борбордун) өкүлдөрү жана Караколдун жарандык коому менен тажрыйба бөлүшкөм. Менин оюмча, жакшы тажрыйбалар менен бөлүшүү керек. Канчалык аз убакыттын ичинде биздин коомдо коопсуздук болсо, ошончолук тез өлкөдө өнүгүү болот.

Айылдаштардын ишеними жөнүндө

Мен 2008 – жылдан 2012 – жылга чейин райондук кеңештин депутаты болчумун, кийин аны жоюп салышты, айылдык кеңеш гана калды. Ошондо мен айылдык кеңешке талапкерлигимди койдум. Эркектердин арасында жалгыз аял талапкер болдум- сегиз эркек жана тогузунчу мен-  аял, алардын ичинен биринчи болуп шайландым. Мен бул жакта сабаттуумун деп мактанбайм, бирок депутаттык ишмердүүлүк тууралуу түшүнүгүм бар – эмне жана кантип экендигин билем.

Бул жашоочулардын арасында мага карата ишенимдин бар экендигинен кабар берет, анткени алар мен бир нерсени кыла аларымды жана чече аларымды билишчү. Эсимде, алардын биринчи суранычы актовый залды ремонтто болгон. Ал 2012- жылы болчу. Актовый зал 12 жыл боюу абдан начар абалда турган. Мектепти салышкан, бирок залдын ремонтуна акча жеткен эмес.

Айылдаштар мага: «Бибигуль, биз сизди шайлайбыз жана актовый залды жакшы ремонт кылып берет деп ишенебиз» — деп айтышкан. Бюджетти түзүү жана бөлүштүрүү башталганда, мен мындай сунуш киргизгем; бар болгон бюджетти бардык айылдарга эмес, бир айылга бөлүү, ал эми кийинки жылы  башка айылдарга бөлүү. Мындай жол менен бир айылга көрүнүктүү иштерди кылууга мүмкүн болмок. Ошентип актовый залдын ремонтуна жакшы акча бөлүнгөн.

Мен амалкөйлүгүмдүн жана талыкпаган аракетимдин жардамы менен эркек кесиптештеримди ынандыра алдым. Ошентип мен айылдаштарымдын суранычын аткарып, 2014- жылы актовый зал ремонттолуп бүттү.

Бизде 470тен ашык айыл өкмөтү бар, алардын ичинде дотациядагы айыл өкмөттөр көп, алар мамлекеттин акчасына жашашат. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн учурунда алар мамлекеттин мойнунда отурушат, мен бул туура эмес деп ойлойм. Эгер сен айыл өкмөтүнүн жетекчиси болсон, өз алдынча болуу үчүн бардык аракетиңди жумшашын керек, бирок бизде андай болбой жатат, анткени мамлекеттин эсебинен жашоо оңой. Эгер жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу уюмун оптимизация кылса, каржы булактары социалдык муктаждыктарга жөнөтүлүп баштайт.

Азыркы учурда депутаттыка компетенттүү адамдар келип башташты, бул жакшы. Саясатка билген адамдар келиши керек. Жалгыз гана акча үчүн эмес, баарын уурдап, отуруу үчүн эмес. Демилгелерди колдоого, прогрессивдүү идеяларды өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды тартып келүүгө аракет кылуу керек.

 

Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу»  долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс  материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын  көз карашын чагылдырбайт.

Материалдын үстүнөн иштөө:

Интервью жана текст: Диана Рахманова
Фото: Илья Каримджанов
Видео: Алмаз Исаков 

Аудио: Джошик Мурзахметов
Корректор: Елена Бослер-Гусева

 “Волкерстори” редакциясы материалды даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн окуянын каарманы Бибигуль Бупебаевага, Липенка айылынын жашоочуларына, Ажара Касмалиевага жана Кыргызстандагы Интерньюска ыраазычылык билдирет.