АЙНУРА УЗАКОВА: Бүгүн биздин айылдын үйлөрүндө суу, кир жуучу машина жана душ бар

Мундуз айылы, Ысык- Көл облусу

Мындан  аркы  баяндоо каармандардын атынан жүргүзүлөт

Көрсө долбоорлор, гранттар өтө көп экен, алардын көбү жөнөкөй жашоочуларга чейин жетпей калат экен. Ал эми жеткендерин мен дайыма абийир менен, жемиштүү жыйынтыктар менен ишке ашырганга аракет кылчумун. Мен, биздин айылдагы ар бир үйдө ичүүчү таза суу болуусун каалачумун. Балдардын оор чакаларды көтөрүп, кыйналып суу ташыганын көрүү мен үчүн оор болчу. 2000 – жылдардан баштап мен таза суу менен камсыз кылууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенем. Биздин айыл үйлөргө суу түтүктөрүн киргизген алгачкы айыл деп сыймыктануу менен айта алам. Адамдарда шаардыктардан кем калбаган шарттар пайда болду. Мен болсо бул жылы 60 жылдыгымды белгилеп жатам.

 

Мен Ысык- Көл облусунун, Ак- Суу айылындагы Нововознесеновка айылында төрөлүп, чоңойгом. Жогорку билим алып, турмушка чыгып, төрт бала төрөдүм. Биз Бишкекте жашачуубуз. Жолдошум Айыл чарба Министрлигинде, мен болсо «Новость» фабрикасынын химиялык тазалоо бөлүмүндө  кассир болуп иштечүбүз. 1998- жыл кирип келгиче кыйынчылыксыз жашоо жүрүп  жаткан.

Жолдошумдун узакка созулган оорусу болгон, ал күндөн күнгө күчөй баштады. 1998- жылы дарыгерлердин сунушу менен биз Ысык- Көл облусунун, Түп районунун Светлый Мыс айылына көчүп келдик. Бул улгайып калган кайын энемди кароого жакшы себеп болду. 86 жаштагы аялдын бырыш баскан колдору менен уй саап жатканын көрүп, айылда калуу каалоом күчөдү.

Бул чөлкөмдө жолдошум дарыланган санаторий бар болчу. Ал айыл чарба окуу жайына бухгалтер болуп, мен болсо ошол эле окуу жайдын кадрлар бөлүмүнө жумушка орноштук.  Негизги жумушум менен чогуу, бардык коомдук жумуштар менен алек болчумун, жолдошум  мага дайыма колдоо көрсөтчү. 2013-жылы жолдошумдун оорусу күчөп кетти. Аны куткарууга доктурлар канча аракет кылса дагы, ал ошол эле жылы өтүп кетти. Мен төрт бала жана кичинесинен чоңойткон сиңдим менен жалгыз калдым. Кандайдыр бир колдоо алуу үчүн, жолдошумдун туулган айылына туугандарынын жанына көчүп келдик. Ал убакытта балдар чоңойуп калышкан, жана аларга жогорку билим берүү керек эле.

Албетте, айылда мени жумуш сунуштап, эч ким күткөн эмес. Менде тандоо бар болчу: мектепте иштөө же айыл өкмөтүндө иштөө. Эки жакта тең бош орун жок экен. Ошентип, улуу балам Айбекти жаныма жардамчы кылып алып, үй чарбасын баштадым. Индюк, каз, өрдөк жана тоок сатып алып, аларды көбөйтүп, жумуртка жана эт сатып баштадык. Күн түн дебей иштедик. Кошуналар тоок жана индюктарды өстүрүү менен кантип акча тапса болот деп тан калышчу. Айрыкча жаш аялдар.Эмгек өз жемишин берчү. Үч балам ар кайсы институттарга өтүштү. Мен баардык балдарымды окутуп, бутуна тургуздум.

Айылда кантип ичүүчү суу пайда болду

2004- жылы «Таза Суу» долбоору жөнүндө сөз боло баштады.Ал учурда айылдын коомдук жумуштарына аралашууга жетишкем. Менин эмгекчилдигимди жана Жогорку билимимди эске алып, бул ишти мага тапшырышты. Таза суу боюнча маселелерди чечүү үчүн,  элдерди мобилизация кылып үч жыл көчөлөрдө  гана басып жүрдүм.

Союз учурунда ар бир көчөдө кудуктар жана суу түтүктөрү бар болчу, элдер ошол жактан суу ичишчү.Кийин советтер союзу урагандан кийин, суу системалары толук түрдө жарабай калды. Адамдар 10 жылга суусу жок калышты. Алар айылдын четиндеги, малдар жана өрдөктөр суу ичкен булактан суу ичишчү. Адамдарга жашоо оор болчу.

Суу кир болгонү үчүн иче карын оорулары көп болгон, балдар Боткин оорусу менен оорушкан. Ошондуктан таза суу тууралуу жаңылыкты айылдыктар жакшы кабыл алышты, бирок ал үчүн төлөө керектигин жакшы кабыл алышкан жок. Айылдыктар: Суу-  бул кудайдын берген байлыгы. Эмне үчүн биз кудай берген нерсе үчүн акча төлөшүбүз керек. Кантип эле сууну бекер кылса болбойт? Деп айтышты.

 

Долбоордун шарттары боюнча, жергиликтүү коомчулук негизги сумманын 5 % чогултушу керек эле. Ар бир  үй-бүлөгө 500 сомдон туура келген. Ал убакта айылда бул чоң акча болгон, айлык маяна да аз болчу. Элди ойготуу керек эле. Ар бир үйгө кирип эринбей ар бирине эмне үчүн төлөш керек экенин түшүндүрүп жүрдүм.

«Оба суу кудай берген байлык, бирок ар бир үйгө жетүүсү үчүн насос менен сууну чыгарып, трубаларды салыш керек», — ар бирөөнө дыкааттык менен бул акча чогултуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүп жаттым.

Бюджет эмне экенин түшүндүруп жаттык, суу — бул мамлекеттин системасы жана баардыгына тиешелүү,  кароолчуга, кассирге, сантехнике, үйлөрдү кыдырган кишиге, насостун иштешин камсыз кылган электр энергияга да  ача төлөө керек экендигин түшүндүрүп жаттык. Айрыкча квитанция деген эмне, ар бир адамга бир тонна суу үчүн төлөм кандай кабыл алынаарын түшүндүрүү кыйынга турду.

 

Улгайган адамдар менен иштөө оңойго турду. Аларга кирип алардын нанын, каймагын мактап өзүмө тартып, түшүндүрүү иштерин баштадым. “Апа азыр пенсияңыздан 50 сом төлөңүз, кийинкисинде да 50 сом төлөйсүз акырындык менен кутуласыз – деп ынандырып жаттым. Кийин пенсионерлерден 100 сомдон эле чогултабыз деген чечим кабыл алдык.  Акырындык менен 269 миң сом чогултуп, банка киргиздик. Тийиштүу сумма тыйынына чейин чогулмайынча долбоорубуз ордунан жылган жок. Себеби акча толугу менен чогулмайынча башталбайт эле, шарт ушундай болчу.

Ал кезде мен жаш болчум, күрөктү алып, кудуктарды тазалачумун. Союз учурунда тазалачумун, кийин баардыгы ташталды. Кудуктарга баардыгын ыргытышчу, иштешчү эмес, алардын эч ким карачу эмес. Балдарымды жана өнөктөштөрүмдү алып, «Бүгүн бул көчөнү тазалайбыз» дечүмүн. 2017 жылга карата баардык көчөлөрдө суу түтүктөрү туруп калды. Бассан эле суу агат. Бактылуулук үчүн дагы эмне керек эле? Баары таза суу ичип башташты. Фельдшердик- акушердик бөлүмдүн башкы дарыгери “элдер таза суу ичкенден бери ооругандардын саны азайды”-  деп айтканы эсимде.

Гульназ Кадралиева, Байбеков атындагы негизги орто мектептин директору

Мектеп 2014- жылы негизделген. 2014- жылга чейин биз эски имаратта окучубуз. Эски имаратта 4 эле класс болгондуктан, ашкана башка имаратта болчу. 2010- жылдан баштап суу боюнча долбоор ишке ашырылып баштаганда биз дароо эле ашкананы ишке киргизип алдык. Ошондон баштап бизде ысык тамак берилет. Бизде суу болгону үчүн биз «Ысык тамак» долбооруна кошула алдык. Суу бизде ар дайым бар, электр жарыгы өчкөндө гана өчүрүлөт. 

 

Ысык суу да, муздак суу да үйлөрдүн ичинде

Жашоо ордунда турбайт! Айылдын суу менен камсыз болуусун жакшыртуу демилгеси менен «Мунак» коомдук уюмуна иштечүмүн. 2011- жылы жакын айылдардын активиситтери менен «Хабитат-Кыргызстан» фондуна кайрылдык. Өз командам менен сууну үйлөргө киргизүүнү каалагам. Фонд ВХВны (уйгө суу киргизүүчү түтүк) өткөрүү жана ысык сууну пайдалануу үчүн суу ысыткычты коюу үчүн бизге кредит жана жабдыктарды бөлүп берди.

Керектүү жабдыктар 20 миң сомго чейин болгон. Мунун баарын фонд бизге карызга 4 жылга берген. Бөлүп төлөөнү каалабаган адамдар да болгон. Ар бир үй – бүлө менен договор түзүп, акырындык менен ал акчаларды төлөп жаттык. Эң оору адамдардан акча суроо, бирок биз иштедик, азыр ар бир үйдө суу бар. Аялдар жана кыздар айылдан көчүп кетпей калды, мал жандары бар. Эгер айылдан жумуш табуу мүмкүнчүлүгү бар болсо, Франция, Германияга кетүүнүн кереги жок. Жыйынтыгында биздин эмгек жерде калган жок. Бүгүн ар бир үйдө муздак, ысык суу, кир жуучу машина жана душ бар.

Жалпы суу чыгаруу системасы калыбына келтирилген. Суу чыгаруу системасынын тереңдиги 80 метр, ал советтер союзнан калган, каралбаган болчу. Биз ремонт баштап, аны кайра жасадык. Система 12 жылдан бери иштеп келе жатат. Ал сууну тазалайт, анда бактерициддик лампа бар суу ал аркылуу өтөт.

Эсептегичтердин корсөтмөсүн райондук электр тармагына беребиз, алар коротулган суунун өлчөмү эске алуу менен бизге төлөмдүн суммасын белгилеп беришет. Эсептегич менен төлөө ар бир тоннасына 20 сом болуп саналат.

Баардыгын жалгыз ишке ашыра албайт элем, бизлдин командабыз бар. Биз ар дайым чогуу кеңешип, иштерди бөлөбүз. Азыр 7 киши иштейбиз. Бир киши адамдар менен иштей албайт. Айыл өкмөтү иш жолугушууларында  жардам беришет. Баш жок мээ дагы болбойт, ошондой эле айыл өкмөтү жок айыл болбойт.Айыл кичинекей, бирок баш ийүүсү керек. Алар менен ар дайым кеңешбиз. Мисалы долбоор жеңип алдык, алар бизге жардам берип кошо чуркашат. Ушул жол менен Мундуз айылында гана эмес, жакын жайгашкан эки айылга да суу өткөрө алдык.

Керимбек Эралиев (кароолчу и суу чыгаруучу системанын оператору)

1972 – жылдан баштап иштейм. Карыдым мен. Суу жок калганда сууну чыгаруу керек, автоматтык түрдө иштебейт. Эгер электр жарыгы жок болсо, суу чыгаргыч иштебейт, бирок биз толтуруп коебуз. Мисалы, Бейшемби күндөрү 3- 4 саат өчөт, ошого алдын ала толтуруп коебуз. Бул жакта 3 айылдын адамдары күн түн дебей суу ичишет. Суу толуп, дароо трассага кетет, адамдарга тазаланган суу барат.

Мен өз айылымдын ардактуу атуулумун

Айылга эмнелерди кылганыбызды бийиктен карап көрүп, Эл аралык уюмдарга рахмат айткым келет. Алардын колдоосу айылдар үчүн баа жеткис. Мен айлык акы албай иштечүмүн. 2015- жылдан баштап кана 5000 сомдон алып баштадым, ага чейин 1000 ден 3000 сомго чейин алчумун. Бут кийимиме дагы жетчү эмес….Бирок менин чарбам бар, ошону мен жан багам, балдарым, келиндерим жардам беришет. Анан кандай? Бирдем кылып жан багыш керек да.

Мен ушундай жаралган окшойм, үйдө отура албайм.Турмушка чыгып,  Бишкекте жашаганда ал жакта бардык шарттар бар болчу: суу, душ. Бул жака көчүп келгенде эч нерсе жок. Жолдошум ооруйт, суу жок, арыктан алып келебиз, ал дагы айылдын четинде. Суу кир экенин көрүп турам, бирок айла жок ичип, тамак жасап жейбиз, ошондон ооруйбуз. Долбоорлорду жазып, ар кайсыл жакка кайрылып баштадык. Көп долбоор жаздым. Бизге мындай жооп беришти: «Элдерди чогулткула, ошондо силер ишке ашыра аласынар, ошондо жардам беребиз». Жардам беришти.

Баарына ыраазымын! Менин айылдаштарым мен сыйлашат жана баалашат, ар дайым ар кандай сыйлыктарга жана мактоолорго көрсөтүшөт. Мени айыл аймактын ардактуу атуулу кылышты.

Элдин бакубаттуулугу үчүн  иштесен, адамдар аны түшүнөт жана баалайт.Мен дайыма алардын батасын алам. Мен көп ооруйм, бирок алардын батасынын жардамы менен жер үстүндө басып жүрөм. Айтылат ко, адамдар үчүн иштесен, аны кудай дагы жана элдер дагы баалайт.

Материал Кыргызстандагы «Интерньюстун» колдоосу менен «Аймактардын тарыхы жүздөр аркылуу»  долбоорунун алкагында даярдалды. Кыргызстандагы Интерньюс  материалдын мазмуну үчүн жоопкерчиликтүү эмес, ал сөзсүз түрдө анын  көз карашын чагылдырбайт.

Материалдын үстүнөн иштөө:

Интервью жана текст: Аман Акматов, Диана Рахманова и Диана Ухина 
Фото: Илья Каримджанов 
Видео: Алмаз Исаков 

Аудио: Джошик Мурзахметов 
Корректор: Елена Бослер-Гусева 

 “Волкерстори” редакциясы материалды даярдоодо колдоо көрсөткөндүгү үчүн окуянын каарманы Айнура Узаковага, Мундуз айылынын жашоочуларына жана Кыргызстандагы Интерньюска ыраазычылык билдирет.