Көркөм-эстетика мектеп-интернатында сүрөт тартуу боюнча конкурс өттү

Ноокат районунун Көркөм-эстетика мектеп-интернатында Ноокат району боюнча сүрөт тартууга шыгы бар, таланттуу балдар үчүн кароо-сынак болуп өттү. Сынактын максаты, балдардын шык жөндөмдөрүн жогорулатуу жана көркөм эстетика мектеп-интернатына акысыз кабыл алуу жолдорун көздөйт. 

Бул сынакка райондун бардык аймактарынан балдар жана кыздар катыша алышты. Ошолордун ичинен Кулатов айылынын Ак-Чал айылындагы Айбашев атындагы орто мектептин 6-классынын окуучусу Козубаева Чолпонай жана ушул эле класстын окуучусу Икраидинов Ринат катышып келишти. Сынак сүрөт тартуунун үч түрү боюнча болуп өттү. Таланттуу балдар ичинен Козубаева Чолпонай экинчи орунду багындырып, Көркөм-эстетика мектеп-интернатына кабыл алынды. Алдыңкы орунга жеткен чыгармачыл балдар грамота, дипломдор менен сыйланышты.

Даярдаган: Жалалова Таңнуру