«Алтын муун жеткинчек» бала бакчасы «Мыкты бала бакча» кароо сынагынын облустук туруна катышты

Кулатов айыл өкмөтүндөгү «Алтын муун жеткинчек» атындагы бала бакчасы 2019-жылы «Жылдын мыкты бала бакчасы» кароо-сынагына аймактык, райондук, облустук турга катышышты. Конкурска Ош билим берүү институтунан сынакка катышкан бала бакчалардын ишмердүүлүгүн баалоо үчүн комиссия тобу келип катышып баалап кетишти.

2019-жылдын 12-июнунда «Алтын муун жеткинчек» бала бакчасы кароо-сынакка катышуу үчүн бир нече даярдыктарды көргөн. Конкурсту өткөрүү боюнча тиешелүү жобонун негизинде даярданышкан. Конкурска катышуу үчүн жетекчи, тарбиячы, коомчулук, ата-энеден бирден өкүл катышты. Жетекчи катары Токурова Гүлбара, тарбиячы катары Эргешова Бактыгүл, коомчулуктан Акматова Гүлбарчын, ата-энеден Аскар кызы Айжамал ишмердүүлүгүн көрсөтүштү. Кароо-сынак 3 этап менен өткөрүлдү. 1-презентация, экинчи этап  бала бакча көйгөйү, 3-этап долбоор жактоо. Балдардын өз чыгармачылыгын тартуулашты.

Алтын-Муун Жеткинчек бала бакчанын жетекчиси Токурова Гүлбара төмөнкүлөргө токтолду:

«Бүгүнкү кароо-сынакты баалоо үчүн Ош билим берүү институтунан Кудайкулова Жамила Апжапаровна, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн Тагаева Тажикан катышып кетишти. Сынактын максаты, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында уюштурулду жана балдардын заман талабына шайкеш, ар тараптан өнүктүрүп тарбиялоо».

Даярдаган: Чынара Нурманова