Жөлөк пул алууда документтер туура эмес болсо кыйынчылыктар жаралат

47

Суусамыр FM радиосунун түз эфиринде “Демократия сааты” долбоорунун алкагында, аз камсыз үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пул темасында талкуу болду. Талкууда Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо адиси Надира Эсенгулова конокто болуп, суроолорго жооп берип, жөлөк пул кандай шартта бериле тургандыгын айтып берди.

Эфирдин жүрүшүндө айыл тургундарынын ой-пикирлери айтылып, алар жөлөк пул алуу учурунда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгондуктарын айтышты. Буга социалдык кызматкер Надира айым документтер туура эмес болгон учурда гана кыйынчылыктар болот деп жооп берди.

Андан тышкары, социалдык кызматкер Суусамыр айылында канча үй-бүлө аз камсыз деп эсептелип, анын канчасы жөлөк пул  менен камсыз болуп жаткандыгы туурасында маалымат берип, мыйзамдарга кененирээк токтолду.

Даярдаган: Зыйнат Самар кызы