Билим берүү Академиясынын Президенти- Баткен облусунун мугалимдерине кайрылуу жолдоду

172

2019-жылдын 8—июнь күнү Баткен облусундагы Гапыр Мадамииновдун №3-эксперименталдык гимназиясында болгон мугалимдердин облустук семинары Кыргыз билим берүү Академиясынын Президенти- Алмазбек Токтомаметовдун видео-куттуктоосу менен башталды.  

Алмазбек Даткабекович Лейлек районунун №3-гимназиясында өтүп жаткан, жогорку, орто окуу жайларынан жана мектептерден келген 50 ашык мугалимдерди видео-байланыш аркылуу куттуктап жатып кайрылды: «Бүгүнкү күндө акчанын же башка таасирлерден улам кээ бир кишилердин жогорку кызматтарга барып калышы,  балдардын билим алуусуна терс таасирин тийгизип жатат. Баланын жөндөмүн өнүктүргөн креативдүү мектептер деген китептин автору Кен Робинсон азыркы билим берүү системасы өндүрүштү индустриалдаштыруу мезгилинде чыккан, бул системада станок менен тетиктерди чыгарып, баарын бирдей окшош кылып жасаган, кичинекей эле өзгөрүп же жылып кетсе ал тетиктерди жараксыз кылып, «брак» деп чыгарып салган. Ошол психология менен биз бүгүн балдарга да мектептерге да бирдей талап коюп келебиз дейт. Бул кырдаалдан- айрым бир креативдүү мектептер жаңыча ыкмалар менен, жаңыча көз караштар менен балдарга өзгөчө мамиле кылуу аркылуу чыгып кеткен. Бүгүнкү Гапыр Мадаминовдун №3-гимназиясынын жасап жаткан ишин Кен Робинсон келтирген мыкты мектептердин мисалына коет элем. Урматтуу мугалимдер, сиздердин бүгүнкү жасап жаткан иштериңиздер бул бир эле мектептин ийгилиги эмес, бара-бара жалпы Кыргызстандын, башка мамлекеттердин да ийгилиги болот деп ишенем, анткени жаңыча көз караш, чыгармачылык көз караш ийгиликке алып келет. Гапыр Мадаминовдун ийгилигинин жалпы Кыргызстанга жайылуусуна дайыма тилектешмин,»- дейт билим берүү академиясынын жетекчиси.

Белгилей кетсек, бул семинарга Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары-медицина илимдеринин кандидаты Чынара Саттарова баш болуп, Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен, Сүлүктү шаарларында чыгармачылык менен изденип эмгектенген мугалимдер катышты.

Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов